Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Бишкекте 28-ноябрь күнү ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кабарлады. Маалыматка ылайык, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Беларусия, Россия, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун ишинин алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашуу болот. “ЖККУнун ЖКК отурумунун күн тартиби 21 маселеден турат. Кыргызстан тарабынан демилгеленген глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында ЖККУнун Жамааттык…

Прочитайте больше

Пакистан Куранга акаарат келтиргендерди ИКУда айыптайт

Пакистан Куранга акаарат келтиргендерди ИКУда айыптайт

Пакистандын “Энсаф” партиясынын борбордук комитети Норвегиядагы Куранга акаарат келтирүү маселесин ИКУ менен ЕБдин отурумунда ортого салаарын билдирди. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистандын “Энсаф” партиясынын борбордук комитетинин (Пакистандын борбордук өкмөтү) отуруму өлкөнүн премьер–министри Имран Хандын жетекчилиги менен өттү.Белгилей кетсек, бул отурумда Норвегиядагы Куранга акаарат келтирүү боюнча акыркы окуя маселеси талкууланып, бул маселе Ислам Кызматташу уюму жана Европа Биримдиги отурумдарында ортого салынаары айтылды. Имран Хан Ислам коркунучу дүйнөлүк тынчтыкка  кооптуу экенин жана мусулмандар буга карата жооп берүүсүн…

Прочитайте больше

Ирандагы акыркы окуяларда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын түстүү революцияларынын изи байкалды

Ирандагы акыркы окуяларда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын түстүү революцияларынын изи байкалды

Америкалык жазуучу жана аналитик Стивен Лэндман Вашингтондун түпкү максаты – Ирандын режимин кулатуу болуп саналарын айтты. “Ушул күндөрү Ирандан көрүп жаткан окуялар АКШнын Борбордук чалгын кызматынын ушул максаттарга жетүү үчүн алдын ала жасаган долбоору. Аны  элдик көтөрүлүш деп атоого болбойт”, – деди Лэндман. Бул туурасында “Mehr News” агенттиги жазды. Өткөн апталарда Ирандын бир катар шаарларында башаламандыктар орун алды. Ага өлкөдөгү бензинге болгон баанын жогорулашы себепчи болду. Стивен Лэндман “Mehr News” агенттигинин кабарчысына берген маегинде, түстүү революциялардын белгилери…

Прочитайте больше

Казакстанда Ислам онлайн академиясы ачылды

Казакстанда Ислам онлайн академиясы ачылды

Казакстанда ислам динине арналган онлайн академиясы иштей баштайт. Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.“Нур Мубарак” академиясы онлайн түрүндө диний илимдерди үйрөтөт жана каалоочулар аталган академиянын студенти боло алышат. Академияда хадис, Ислам психологиясы, матуриди акыйдасы, исламий экономика, хадис тексттери жана теология сабактары окутулат. “Нур Мубарак”академиясынын жетекчисинин орун басары Кайрат Корманбаев жана башка мугалимдери, жаш окумуштуулар биргеликте Ислам дини боюнча окуу сабактарын видеотасма түрүндө даярдашкан. Кайрат Корманбаев буга чейин Казакстанда дин сабактарын үйрөтүү боюнча бир дагы китеп түзүлгөн эместигин…

Прочитайте больше