Daily Mail»: Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен машыгуулары дүйнөгө кабар берет

«Daily Mail» басылмасы кечээ, 28-ноябрда Иран, Орусия жана Кытай Батыш өлкөлөрүнө күчүн көрсөтүү үчүн биргелешкен машыгууларды өткөрүүнү пландап жатканын маалымдады.

Бул тууралуу «IRNA» агенттиги жазды. Аталган басылманын маалыматына караганда, Ирандын аскер-деңиздик күчтөрүнүн командири адмирал Хуссейн Ханзади Ирандын аскер-деңиздик күчтөрүнүн күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө, Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен машыгуулары жакын арада Инди океанынын түндүк бөлүгүндө өткөрүлөрүн айтты.

Ал бул машыгуулар өткөн айда пландаштырылганын жана аскердик күчтөр ага даяр экенин белгиледи. Ханзади ушул жылдын жай мезгилинде Перс булуңунда болгон тирешүүлөрдөн кийин Ирандын Орусия жана Кытай менен болгон кызматташтыгы деңиздеги жамааттык коопсуздуктун кепилдиги болорун билдирди.

“Бир нече өлкөлөрдүн биргелешкен машыгууларынын кургакта, деңизде же абада өткөрүлүшүнө карабастан, ал машыгуулар бул өлкөлөрдүн кызматташтыгынын кыйла кеңейтилгендигин көрсөтүп турат”, – деди Ханзади.

“Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен машыгуулары – бул өлкөлөрдүн мамилелери олуттуу стратегиялык чекке  жеткендигинен дүйнөгө кабар берет. Деңизде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кандай гана операция болбосун бардык тиешелүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктары эске алынышы керек ”, – деп баса белгиледи ал.

Комментарий жиберүү