Google жана Facebook сионист режими менен бирге палестиналыктарга каршы

Google жана Facebook компаниялары сионист режими менен кызматташтык алкагында, 2018-жылы палестиналыктарга тиешелүү 14 миң жазууну өздөрүнүн каналдарынан алып салышкан.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын журналисттерин колдогон комитет Google, YouTube, Twitter жана Facebook сионист режиминин Палестинага тиешелүү темаларды өчүрүп салуу үчүн жасаган кысымдарына баш ийгенин айыптады.

Палестинанын журналисттерин колдогон комитет Google жана Facebook компаниялары сионист режиминин армиясынын кибердик бирдиктери талап кылган темалар менен маселелердин 90 пайызын өчүрүп салышкан.

Google жана Facebook тармактары сионист баскынчы режиминин Палестин элине каршы кылмыштарын ашкерелеген палестиналыктардын, анын ичинде кабар агенттиктеринин интернет баракачаларын бир нече жолу өчүрүп салышкан.

Ошондой эле, Палестинанын маалымат борборунун араб бөлүгү дагы өткөн октябрь айында Facebook тармагынан алынып салынган.

Комментарий жиберүү