2019-жылы палестиналыктардын үйлөрүн талкалоо иштери 35% га жогорулады.

2019-жылы палестиналыктардын үйлөрүн талкалоо иштери 35% га жогорулады.

Палестина ТИМи БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координаторук кеңсесинин отчетуна таянып, билдирүү жасады. IRNA агенттигинин VEFA маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Палестина ТИМи сионисттик режимдин палестиналык тургундардын үй-жайларын талкалоо жынаяттарын айыптады. Берилген отчеттордун негизинде 2019-жылы сионисттик режим басып алынган Кудс менен Иорданиянын Батыш жээктеринде палестиналыктардын 617 үй турагын талкалаган. Натыйжада 898 палестиналык мекендерин таштап чыккан. Палестина ТИМи бул боюнча билдирүүсүндө палестиналыктардын үй-жайларын талкалоо жана аларды аймакты таштап чыгууларына мажбурлоо БУУнун Эл аралык кылмыш сотунун эрежелерге ылайык…

Прочитайте больше

Кытай кемелери япон сууларынын эрежесин бузду

Кытай кемелери япон сууларынын эрежесин бузду

Япония Кытайга таандык 4 күзөт кемесинин Сенкаку аралдарына жакын япон сууларынын эрежесин бузгандыгын билдирди. TRT/NET/TR: Япония Кытайга таандык 4 күзөт кемесинин Сенкаку аралдарына жакын япон сууларында эреже бузгандыгын билдирди. Чыгыш Кытай деңизиндеги Сенкаку аралдарынын бири болгон Кубашима аралы жакындарында бүгүн эрте менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 11: 00 чамаларында болгондугу белгиленген окуядан кийин Япония жээк коопсуздук күчтөрүнүн кемелерин аймактан чыгышы боюнча эскертти. Бир тараптан Японияда өкмөт абалды карап чыгуу үчүн премьер – министрликте атайын иш…

Прочитайте больше

Конгонун миңдеген тургундары селден улам үй-жайсыз калышты.

Конгонун миңдеген тургундары селден улам үй-жайсыз калышты.

Конго Республикасында катуу жааган жаан чачындар селге айланды.Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Конгонун борбор калаасында жүргөн селден миңдегендер үй жайсыз калышты. Жаратылыш кырсыктарынан улам Браззавилдин миңдеген тургундары үй турактарын таштап качышкан. Берилген маалыматтарга караштуу азырынча өкмөт аркылуу сел жүргөн аймактардын тургундарын куткаруу боюнча эч кандай аракеттер жасалбаган. БУУ акыркы күндөрү Конгонун селден жабыркагандарына дарыя аркылуу азык-түлүк жана башка муктаждуу нерселерди жеткирүүдө. Эске салсак, Конгодо октябрь айынан бери токтолбостон жаан-чачындар журүүдө.

Прочитайте больше

Американын Хашдаль-Шаабинин орундарына койгон чабуулунда 25 адам каза таап, 51 адам жаракат алышты

Американын Хашдаль-Шаабинин орундарына койгон чабуулунда 25 адам каза таап, 51 адам жаракат алышты

Ирак шииттеринин “Аль-Хашд Аль-Шааби” ыктыярдуу куралдуу күчтөрү жекшемби күнү кечинде топтун 35чи жана 36чы бригадаларынын орундарына коюлган кол салуудан 25 адам каза тапканын жана 51 адам жаракат алганын билдирди.    Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады. Жекшемби күнү кечинде Американын учкучсуз учактары Ирактын Сирия менен чек арасында жайгашкан “Аль-Хашд Аль-Шааби” тобунун орундарын бутага алышкан. Ирактын расмий өкүлдөрү АКШнын кол салуусун айыптап, аны өлкөнүн эгемендигин бузуу деп эсептешерин билдиришүүдө. Буга чейин сионист режими дагы “Хашд аль-Шааби” тобунун Ирактын ар кайсыл…

Прочитайте больше

БУУ Мьянмадагы мусулмандардын укуктарын бузу укөрүнүшүн айыптады

БУУ Мьянмадагы мусулмандардын укуктарын бузу укөрүнүшүн айыптады

БУУ 28-декабрда атайын токтом бекитүү менен Мьянмадагы рохинжалык мусулмандардын укуктарын бузууларын катуу айыптады. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун бекиткен токтомунда Мьянма өкмөтүнөн өлкөдөгү мусулмандарга каршы аракеттерге атайын чаралар көрүлүүсү талап кылынган. Бул уюм ошондой эле токтомдо рохинжалык мусулмандар диаспорлоруна карата өз алдынча камакка алуулар, кыйноолор жана зордук-зомбулук көрсөтүү менен аларга каршы чагымчылык жаратуулар тез арада токтотулуусун баса белгиленген. Белгилей кетсек, бул токтом 134 макул, 9 каршы жана 28 калыс добуштары менен кабыл алынган.  Эске салсак, 2017-жылдын…

Прочитайте больше

Футбол борборун куруу маселеси боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Футбол борборун куруу маселеси боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборун куруу маселесине байланыштуу бүгүн, 30-декабрда басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу федерация социалдык тармактагы баракчалары аркылуу маалымат таратты. Футбол борборун куруу маселесин кароо шаардык кеңеште үч жолу жылдырылып, кийинки жылга калды. Бишкек мэриясы шаардык кеңештин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген. Федерация убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен…

Прочитайте больше

Йемен: Жер которгондордун саны 3 миллион 800 миңге жетти

Йемен: Жер которгондордун саны 3 миллион 800 миңге жетти

Йемендин гуманитардык маселелерди башкаруу жана координациялоо боюнча жогорку кеңешинин маалымат борбору 2019-жылдын ноябрына чейин жер которгон йемендиктердин саны өсүп, 3 миллион 800 миңден ашканын маалымдады. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги Йемендин “Аlmasirah” агенттигине таянуу менен жазды. Аталган борбордун маалыматына караганда, Йеменде канча жылдан бери токтобогон согуштун кесепетинен улам жер которуп үйлөрүн таштап кеткен жүз миңдеген адамдар бул өлкөнүн ар кайсы аймактарында катастрофалык жана оор шарттарда жашашат. Йемендин гуманитардык маселелерди башкаруу жана координациялоо боюнча жогорку кеңешинин маалымат борбору ошондой…

Прочитайте больше

Хулюс Акар: Түркия эч убакта Сириядан чыкпайт

Хулюс Акар: Түркия эч убакта Сириядан чыкпайт

Түркиянын Коргоо министри Анкара эч убакта Сириянын Идлибинен чыкпай турагынын билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги РТ каналына шилтеме берип маалымдады.Түркиянын Коргоо министри Хулюс Акар билдирүү жасап, Анкара Сириянын Идлибиндеги 12 чекитти көзмөлгө алуусун уланта берээрин баса белгиледи. Белгилей кестек, Хулюс Акар бул билдирүүсүн Сирия чегарасына жакын жайгашкан аскердик базасында аскер башчыларынын алдында айтып, Анкара эч убакта Сириядан чыкпай турганын тактап кеткен. Эске салсак, 2017-жылы Астана сүйлөшүүлөрүндө бекитилген макулдашуулардын негизинде Идлиб провинциясынын бир канча аймактары “тирешүүлөрдү азайтуу” аймактары…

Прочитайте больше

Стамбулда ИШИМдин 21 мүчөсү кармалды

Стамбулда ИШИМдин 21 мүчөсү кармалды

Стамбулда түрк полициясынын террорчулука каршы күрөшкөн бөлүмү ИШИМ террордук уюмунун 21 мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу “ISNA” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, полиция күчтөрү Стамбулдун 48 районунда террорчулукка каршы оепрция жүргүзүп, ИШИМ экстремисттик уюмунун мүчөсү деген айып менен 21 кишини камакка алды. Билдирүүдө кармалгандардын 20сы чет өлкөлүк жарандаh экени айтылды. Түрк полициясынын террорчулукrа каршы күрөшкөн бөлүмү ошондой эле бул операциянын жүрүшүндө көп сандаган документтерди табышты.

Прочитайте больше

“Нью-Йорк Таймс”: Бен Салман Америкадан үмүтүн үздү

“Нью-Йорк Таймс”: Бен Салман Америкадан үмүтүн үздү

Америкалык агенттик Бен Салман Америкадан үмүтүн үзүп, өз стратегиясын өзгөрткөнүн жарыялады. Бул тууралуу Tasnim агенттиги “Нью-Йорк Таймс” гезитине шилтеме берип кабарлады. Аталган маалымат каражаты  Арабстандын мураскер шахзаадасы Американын жардамдарына кепилдик жоктугун билген соң, өз стратегиясын өзгөрткөнүн жазып чыкты.  Мухаммад бен Салман “Арамко” мунай объектине ракеталык чабуулдан бир канча ай өткөн соң, өз өлкөсүнүн дипломатиялык мамилелерин өзгөртүү аркылуу  аймактык атаандаштары менен болгон тирешүүлөрүн азайтуунун артында,-деп жазды “Нью-Йорк Таймс” гезити. Бул басылма ошондой эле мураскер шахзаада 4 жылдан бери…

Прочитайте больше

Кытай 8 тонналык спутникти учурду

Кытай 8 тонналык спутникти учурду

 Кытай заманбап жана эң салмактуу байланышуучу спутнигин жер орбитасына жайгаштырды. Бул тууралуу Mehr агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады. Long March-2 аталган бул спутник  Кытайдын Хайнан провинциясында асманга кое берилген.  Салмагы 8 тоннадан ашуун Long March-2 спутниги ийгиликтүү учурулганын  Ваньчан космикалык борборунун жетекчиси Чжан Сеу билдирген. Анын айтымында, Shyjyan- 20 спутниги DF-8 сыяктуу негизги технологияларды  жана жаңы муундагы Кытай спутниктерин сыноо үчүн колдонулмакчы.

Прочитайте больше

Гутерриш АКШнын орусиялык дипломаттарга виза бербей жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди

Гутерриш АКШнын орусиялык дипломаттарга виза бербей жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Американын орусиялык жана башка өлкөлөрдүн дипломаттарына БУУнун Нью-Йорктогу жыйындарына катышуусу үчүн виза бербей жаткандыгына  тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин “Irib News” агенттиги жазды. Дюжарриктин айтымында, БУУнун Башкы катчысы бир нече айдан бери Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн делегаттарына Америкага баруусу үчүн виза берилбей жаткандыгына тынчсыздануусун бир нече жолу билдирген. Дюжаррик БУУнун Башкы катчысы жана анын командасы бул маселеге көңүл коюу менен байкоо салууну уланта берет деп…

Прочитайте больше

Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулап түштү

Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулап түштү

Алматыда  жүргүнчү учак  кырсыкка учурады. IRIB/IR агенттигинин маалыматына ылайык, кырсыкка учураган учак 95 жүргүнчүнү ташып бара жаткан.Берилген маалыматтарга караганда, BEK AIR компаниясынын № 2100 учагы  27-декабрда жергиликтүү саат 7:30да Алматыдан Нур-Султанга карай учуп баруу максатында асманга көтөрүлгөн. Учак бир канча мүнөттөн кийин, 2 кабаттуу имаратка урулуп, кулап түшкөн.  Учак күйүп кеткен эмес жана учурда курман болгондордун саны аныкталууда.

Прочитайте больше

Түркия: Хашоггинин өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек

Түркия: Хашоггинин өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек

Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл Стамбулда кабарчылардын алдында саудиялык журналист Жамал Хашоггинин иши боюча Сауд Аравия сотунун өкүмүнө ишара кылып, бул окуя боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек деп билдирди. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. “Ачык-айкын иликтөөсүз бул маселени жабык деп эсептөөгө болбойт”, – деди министр. Абдулхамит Гүл бул боюнча мындай деди: “Хашоггинин өлүмүн иликтөө процесси ачык-айкын болгон жок. Бул процесс кабыл алынгыс. Биз башында эле журналисттин иши боюнча ачык-айкын эл аралык иликтөө…

Прочитайте больше

БУУ: Ооганстанда 10 жылдын ичинде 100миңден ашык жаран курман болуп, жаракат алышты

БУУ: Ооганстанда 10 жылдын ичинде 100миңден ашык жаран курман болуп, жаракат алышты

БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча атайын миссиясы (UNAMA) он жылдын ичинде өлкөдө 100 миңден ашык карапайым жарандар каза болуп же жарадар болушканын маалымдады. Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча атайын миссиясы кечээ, бейшемби күнү “Ооганстанда 2019-жылдан бери 100 миңден ашык карапайым жарандар каза таап же жарадар болушту”, – деп билдирди. БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү Тадамити Ямамото бул билдирүүсүндө Ооганстанда карапайым жарандардын арасындагы курмандыктардын көбөйүп жатканына тынчсыздануу менен согушуп жаткан тараптарды талаптарын диалог аркылуу…

Прочитайте больше
1 2 3 7