Индияда катуу жааган жамгырдан 15 киши каза тапты

Индияда катуу жааган жамгырдан 15 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндөгү Тамилнад  штатында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бери дегенде 15 адам курман болду жана үйлөр, байланыш жолдору зыянга учурады. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн, дүйшөмбү күнү Индиянын бийлик өкүлдөрү жана маалымат каражаттары өлкөнүн түштүгүндө катуу жааган жамгыр адам өмүрүн алганын жана материалдык чыгымдарды алып келгенин маалымдашты. Индиянын “NDTV” каналынын берген маалыматына ылайык, Тамилнад  штатынын бийлик өкүлдөрү нөшөрлөп жааган жамгыр күч алгандыктан, штаттын бир айылында үйлөрдүн дубалдары кулап, бери дегенде эле 15 адам каза тапканын…

Прочитайте больше

Кышында мээ начар иштейт

Кышында мээ начар иштейт

Окумуштуулардын аныктоосу боюнча, кышында мээнин иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөй тургандыгы маалым болду. «Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, окумуштуулардын изилдөөлөрү чынында кыш мезгилинде мээнин иштөөсү начарлай турганын көрсөттү. Ошондуктан көпчүлүк учурда жумуш учурунда  мээнин иштешинде көйгөйлөр пайда болот. Изилдөөчүлөр Америка, Франция жана Канадада 3500 бейтаптын үстүнөн анализ жүргүзүшкөн. Алардын айрымдары Альцгеймер оорусу менен жабыркагандар болгон. Окумуштуулар бул изилдөөнүн жыйынтыгында, мээнин иштеши үчүн эң жакшы ылайыктуу учурлар жайдын аягы жана күз мезгилинин башы экени аныкталды.Себеби, бул учурларда адамдар жемиштерди…

Прочитайте больше

Көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти

Көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти. Бул тууралуу 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. – Сүрөт музейиндеги иш-чара боюнча комиссия түзүлүп, эки күндөн бери ишти иликтешти. Ошондон кийин музейдин директору Жангарачева Мира Камилевна жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берип, мен ага кол койдум, – деди Жаманкулов. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминналеде аялдардын укугун коргоо иретинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык…

Прочитайте больше

Израиль бир айда 360 палестиналыкты камакка алган

Израиль бир айда 360 палестиналыкты камакка алган

Палестиналык туткундардын иштери боюнча борбор кечээ, 1-декабрда ай сайын берилүүчү докладында Израиль ноябрь айында 360 палестиналыкты камакка алганын билдирди. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Аталган борбордун интернет-порталында маалымдалгандай, палестиналык туткундардын иштери боюнча борбордун медиа өкүлү Риад аль-Ашгар изарилдик күчтөр тарабынан камакка алынгандардын арасында 8 аял жана 58 бала бар экенин билдирди. Ал  өткөн айда Женин шаарынан Рамла шаарындагы түрмөгө дарылануу үчүн жеткирилген 37 жаштагы палестиналык туткун Сами Абудиак ошол жерден шейит болгонун маалымдады. Анын айтымында, ноябрда израилдик…

Прочитайте больше