Индонезияда жардыруу болду

Индонезияда жардыруу болду

Индонезия ЖМКалары Ак Үйдүн жанында жардыруу болгонун кабарлашты. Бул тууралуу Mehr агенттиги ан-Нашра гезитине шилтеме берип маалымдады.  Берилген маалыматтарга караштуу, бул жардыруу Жакарта шаарында жайгашкан Ак үйдүн жанында болгон. Жардыруу бүгүн таң эрте жергиликтүү саат 7:05те болуп, андан  бир канча адамдар жаракат алышканы маалымдалган. Окуя болгон жерде Ак Үйдөн тышкары Жогорку сот, ИИМ жана бир канча министрликтер жайгашкан. Учурда полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтешүүдө.

Прочитайте больше

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Евразия экономикалык биримдиги–бул өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Евразия экономикалык биримдиги–бул өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор

Евразия экономикалык биримдиги – бул бүгүнкү күндө тышкы факторлордун таасирине карабастан, иштеп баштаган биринчи беш жылдыгында эле иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграцияланышындагы негизги жыйынтыктары жана келечеги» аталышындагы конференциянын ачылышында билдирди.  «Евразия экономикалык биримдигинин негизги максаты – биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн товарлардын бирдиктүү базарына, кызмат көрсөтүүгө, капиталга жана жумушчу күчүнө жеткиликтүүлүгүнүн эркин болушун камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө биз толук ишеним менен алдыга койгон максаттарга жеткенибизди айта…

Прочитайте больше

Аль-Хашд аш-Шааби Иракта ИШИМдин жанданып жатканын эскертти

Аль-Хашд аш-Шааби Иракта ИШИМдин жанданып жатканын эскертти

Ирактын “Аль-Хашд аш-Шааби” тобу учурда Ирактагы саясий коопсуздук абалынан пайдаланып, айрым аймактарга кол сала баштаганын маалымдады. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, “Аль-Хашд аш-Шааби” тобу ИШИМ террорчулары Ниневия, Салах-эд-Дин, Анбар, Дияла, Киркук жана Багдад облусттарынын тегерегинде өз кыймылын баштаганын билдирди. ИШИМ террорчулары жекшемби күнү Ирактагы акыркы учурларда болуп жаткан башаламандыктардан пайдаланып,  Дияла аймагында террордук аракеттерди жасашкан. Аталган топтун күчтөрү аларга каршы туруп, алдыга жылууларына каршылык көрсөтүшкөн. Бул кагылышууда Аль-Хашд аш-Шааби тобунан 6 адам каза тапкан жана 17 адам…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк рекорд! Месси алтынчы ирет “Алтын топтун” ээси болду

Дүйнөлүк рекорд! Месси алтынчы ирет “Алтын топтун” ээси болду

“Барселона” клубунун жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча “Алтын топтун” ээси болду. Бул тууралуу France Footbal журналы билдирди. Сыйлык тапшыруу аземи жергиликтүү убакыт боюнча 2-декабрда Париж шаарында өттү. Аргентиналык оюнчу үчүн бул сыйлык алтынчы болуп, дүйнөдө жок рекордду койду. Ал “Алтын топ” сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары алган. Аталган сыйлык боюнча Месси “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналдуну артта калтырып, биринчи орунга чыкты. Роналдуда учурда 5 “Алтын топ” бар….

Прочитайте больше