ИКУ: Дүйнөлүк коом Израилдин шаарча курууларын токтотсун

ИКУ: Дүйнөлүк коом Израилдин шаарча курууларын токтотсун

Ислам Кызматташуу Уюму Израилдин басып алынган Палестина жерлеринде өз шаарчаларын курууларын токтотуусун талап кылды. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин “аль-Халил” шаарында жаңы район куруу чечимине карата ИКУ 3-декабрда билдирүү жасап, режимдин бул чечимин катуу айыптады. Белгилей кетсек, сионисттик режимдин Согуш министри “Нафтали Беннетт” 1-декабрда билдирүү жасап, Иордания жээктеринин түштүк тарабында жайгашкан аль-Халил шаарында Израилдин жаңы шаарчасы курулаарын жарыялаган. Аль-Халил шаарында жаңы райондордун курулуусу менен бирге сионисттик режимдин тургундары аймакта эки эсе чогулушуп, жөөтөрдүн “Ибрахийм мавзолейине”…

Прочитайте больше

БУУ: Дүйнө Хашоггини өлтүргөн күнөөкөрлөрдү жазалай алган жок

БУУ: Дүйнө Хашоггини өлтүргөн күнөөкөрлөрдү жазалай алган жок

БУУнун атайын баяндамачысы Аньес Каламар дүйнө саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөндөрдү жоопко тартуу жана жазалоо боюнча милдеттерин аткара алган жок деп билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, Аньес Каламар кечээ, 3-декабрда Брюсселде кабарчылардын алдында Европа Биримдиги жана АКШ Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда сауд режиминин агенттери тарабынан өлтүрүлгөн Хашоггинин өлүмүнө жооп катары кошумча чараларды кабыл алышы керек деп билдирди. Саудиялык журналист жана Американын “The Washington Post” басылмасынын колумнисти болгон Жамал Хашогги  өткөн жылдын 2-октябрында…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Манас» эпосу—тарыхыбыздын, ал эми Айтматов—маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Манас» эпосу—тарыхыбыздын, ал эми Айтматов—маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар. Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы — бул „Манас“ эпосу. Баарыңыздарды бүгүнкү Манас күнү менен чын ниетимден…

Прочитайте больше

Түркия Германияга 5 согушкерди өткөрүп берди

Түркия Германияга 5 согушкерди өткөрүп берди

Анкара кечээ, 3-декабрда ИШИМ террордук уюмунун чет өлкөлүк 5 согушкерин Германияга өткөрүп берди. Бул туурасында Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылганын “Fars News” агенттиги жазды. “Yeni Şafak” басылмасы Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берип, чет өлкөлүк согушкерлерди өз мекенине кайтаруулар улантылууда деп маалымдады. Түркияда 2016-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында террорчулукка каршы операцияларда ИШИМдин 1058 согушкери жок кылынган. Түркия Сириянын түндүгүндө  күрт кошуундарына каршы “Тынчтыктын булагы” аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын өкмөтү…

Прочитайте больше

НАТО отурумуна карата Трампка каршы демонстрациялар башталды

НАТО отурумуна карата Трампка каршы демонстрациялар башталды

Трамптын НАТО отурумуна катышуусуна каршы болгондор Букингем сарайынын алдында митинг өткөрүшүүдө.  Бул тууралуу Mehr агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, НАТО отуруму 3-4-декабрда Лондон шаарында өтмөкчү. Бул отурумга катышууга Түндүк Атлантика келишим уюмунун лидерлери, алардын ичинде Америка президенти Дональд Трамп катышууда. Трамптын аталган отурумга катышуусуна байланыштуу лондондуктар нааразычылык акциясын уюштурушкан. Митингчилер Trafalgar  аянтынан  Букингем сарайы, мындайча айтканда Елизавет ханышасынын ак сарайы жана НАТО отуруму өтүп жаткан аймакка карай жөө жүрүшкө чыгышат.

Прочитайте больше