БУУ: Дүйнө Хашоггини өлтүргөн күнөөкөрлөрдү жазалай алган жок

БУУнун атайын баяндамачысы Аньес Каламар дүйнө саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөндөрдү жоопко тартуу жана жазалоо боюнча милдеттерин аткара алган жок деп билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, Аньес Каламар кечээ, 3-декабрда Брюсселде кабарчылардын алдында Европа Биримдиги жана АКШ Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда сауд режиминин агенттери тарабынан өлтүрүлгөн Хашоггинин өлүмүнө жооп катары кошумча чараларды кабыл алышы керек деп билдирди.

Саудиялык журналист жана Американын “The Washington Post” басылмасынын колумнисти болгон Жамал Хашогги  өткөн жылдын 2-октябрында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек.

“Reuters” агенттиги маалымдагандай, Аньес Каламар журналисттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Бирок анын бул сунушуна сауд бийлиги каршылыгын билдирген. Учурга чейин Хашоггинин өлүмүнө айыпталган 11 кишиге өкүм чыгарылган. АКШнын Борбордук чалгын кызматы (CIA) жана башка Батыш бийликтери Хашоггини өлтүрүү буйругун Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман берген деген тыянакка келишкен, бирок сауд аткаминерлери аны четке кагышкан.

Комментарий жиберүү