ИКУ: Дүйнөлүк коом Израилдин шаарча курууларын токтотсун

Ислам Кызматташуу Уюму Израилдин басып алынган Палестина жерлеринде өз шаарчаларын курууларын токтотуусун талап кылды.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин “аль-Халил” шаарында жаңы район куруу чечимине карата ИКУ 3-декабрда билдирүү жасап, режимдин бул чечимин катуу айыптады.

Белгилей кетсек, сионисттик режимдин Согуш министри “Нафтали Беннетт” 1-декабрда билдирүү жасап, Иордания жээктеринин түштүк тарабында жайгашкан аль-Халил шаарында Израилдин жаңы шаарчасы курулаарын жарыялаган.

Аль-Халил шаарында жаңы райондордун курулуусу менен бирге сионисттик режимдин тургундары аймакта эки эсе чогулушуп, жөөтөрдүн “Ибрахийм мавзолейине” жетүүгө бир түз жолу ачылмакчы.

Эске салсак, Американын Мамлекеттик катчысы  Майк Помпео акыркы билдирүүсүндө өз өлкөсү Израилдин Палестинада жаңы шаарчаларды курууларын мыйзамсыз жана эл аралык келишимдерди бузат деп, тааныбай турганын маалымдаган.

 Ушуга байланыштуу сионисттик режим басып алынган Палестина жерлеринде өз шаарчаларын курууну улантууга жаңы дем алды.

Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңеши 2016-жылдын 23-декабрында 2334-беренени бекитүү менен Израилдин басып алынган Палестина жерлеринде жаңы шаарчаларды куруу иштерин тезинен токтотуу чечимин кабыл алган эле.

Комментарий жиберүү