НАТО отурумуна карата Трампка каршы демонстрациялар башталды

Трамптын НАТО отурумуна катышуусуна каршы болгондор Букингем сарайынын алдында митинг өткөрүшүүдө.

 Бул тууралуу Mehr агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, НАТО отуруму 3-4-декабрда Лондон шаарында өтмөкчү.

Бул отурумга катышууга Түндүк Атлантика келишим уюмунун лидерлери, алардын ичинде Америка президенти Дональд Трамп катышууда.

Трамптын аталган отурумга катышуусуна байланыштуу лондондуктар нааразычылык акциясын уюштурушкан.

Митингчилер Trafalgar  аянтынан  Букингем сарайы, мындайча айтканда Елизавет ханышасынын ак сарайы жана НАТО отуруму өтүп жаткан аймакка карай жөө жүрүшкө чыгышат.

Комментарий жиберүү