Түркия Германияга 5 согушкерди өткөрүп берди

Анкара кечээ, 3-декабрда ИШИМ террордук уюмунун чет өлкөлүк 5 согушкерин Германияга өткөрүп берди.

Бул туурасында Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылганын “Fars News” агенттиги жазды. “Yeni Şafak” басылмасы Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берип, чет өлкөлүк согушкерлерди өз мекенине кайтаруулар улантылууда деп маалымдады.

Түркияда 2016-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында террорчулукка каршы операцияларда ИШИМдин 1058 согушкери жок кылынган. Түркия Сириянын түндүгүндө  күрт кошуундарына каршы “Тынчтыктын булагы” аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын өкмөтү батыш өлкөлөрү, айрыкча европалыктар түрк армиясынын бул операциясын колдобой турган болсо, анда ИШИМдин миңдеген элементтерин, эгер алардын жарандыгы жокко чыгарылса дагы өз өлкөлөрүнө кайтарып берерин айтып коркуткан.

Түркиянын ички иштер министрлиги 9-ноябрда билдирүү жасап, Анкара ИШИМдин туткундалган согушкерлерин өз мекенине депортациялоону баштаганын билдирген. Европа өлкөлөрү Сирия менен Ирактагы ИШИМ террордук уюмунун катарына кошулуп кеткен өз  жарандарынын жарандыктарын жокко чыгаруу менен алардын өз мекенине кайтып келүүлөрүн алдын алууга аракет кылып жатат.

Комментарий жиберүү