Ирактагы Американын эң чоң базасына чабуул жасалды

ЖМКалар Ирактагы Американын эң чоң аскердик базасына 5 ракета аттырылганын кабарлашты.

Бул тууралуу Fars агенттиги ас-Сумария ньюс маалыматына шилтеме берип маалымдады.

Белгилей кетсек, Ирактын аль-Анбар провинциясында жайгашкан «Айн аль-Асад» Американын ири аскердик базасына 5 ракета учуп түшкөн.

Эске салсак, бул базаны өткөн жылы жаңы жылдын алдында Дональд Трамп жубайы менен көрүп өткөн. Ал эми Трамптын орунбасары Майк Пенс бир канча кун мурда Ирактын жетекчилери менен эч кандай расмий жолугушуу өткөрбөстөн, Айн аль-Асад базасына келип кеткен.

Азырынча бул чабуулду эч бир топ мойнуна ала элек жана Ирак армиясынын маалымат порталы аталган база чабуулдан зыян тартпаганын билдирген.

Акыркы күндөрү Иракта тынч эмес, өлкөдөгү башаламандыктардан улам премьер-министр өз тарабынан кызматтан кеткен.

Комментарий жиберүү