Ооганстанда япониялык уюмдун унаасына жасалган чабуулда 5 киши набыт кетти

Ооганстандын Нангархар провинциясында япониялык “Peace Japan Medical Services” өкмөттүк эмес уюмунун унаасына куралдуу чабуул жасалып, андан улам анын 5 кызматкери көз жумду.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Ava” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү япониялык уюмдун унаасына жасалган куралдуу кол салууда 5 киши каза болгонун тастыкташты.

Билдирүүгө караганда, чабуул белгисиз адамдар тарабынан жасалган. Окуяда каза тапкандардын бардыгы ооган жарандары болгон. Буга чейин айтылган маалыматтарда кол салууда япониялык уюмдум жетекчиси Тэцу Накамуру жаракат алып, ооруканага жеткирилгендиги маалымдалган.

Бирок акыркы маалыматтарда Тэцу Накамуру алган жараатынан улам көз жумгандыгы айтылууда. Азыркы учурга чейин кол салуу жоопкерчилигин эч бир топ өзүнө ала элек.

Белгилей кетсек, япониялык “Peace Japan Medical Services” өкмөттүк эмес уюму 13 жылдан бери Нангархар провинциясында айыл-чарба жана ирригация тармагында ишмердүүлүк кылып келет.

Комментарий жиберүү