Багдад башаламандык жараткандарга каршы чыкты

Багдаддын миңдеген тургундары өлкөнүн аалымдарын колдошуп, Америка менен сионисттик режимдин башаламандык жаратуудагы иш аракеттерин айыпташты.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактагы акыркы башаламандыктарга жооп катары миңдеген багдаддыктар тынчтык маанайдагы демонстрацияга чыгышты.

Ирактын ас-Сумария ньюз агенттиги багдаддыктар өз өлкөсүнүн атактуу аалымдарына каршы чыккандарды жана башаламандык жараткандарга жооп катары Тахрир аянтына тынчтык маанайдагы демонстрацияга чыгышты.

Берилген маалыматтарга караштуу, бул демонстрацияга эч кандай коопсуздукту сактоо күчтөрү кийлигише алышкан эмес.

Демонстрацияга чыккандар өлкөнүн кадыр-барктуу аалымы жана шиялардын муфтийи Аятолла саид Али Систаниге колдоо көрсөтүштү.

Эске салсак, өлкөдөгү башаламандыктардын убагында Аятолла Систанинин үйүнө өрт коюлган эле.

Тынчтык маанайдагы  демонстрациянын уюштуруучулары ошондой эле өлкөдө туруксуздук, мазхаб аралык араздашуу жана чагымчылык жаратуудагы Америка, Арабстан жана сионисттик режимдин колдоолорун катуу айыпташты.

Комментарий жиберүү