Москва: Американын санкциялары жоопсуз калбайт

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Американын бул өлкөнүн жарандарына жана компанияларына каршы киргизген акыркы санкциялары жоопсуз калбайт деп билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. RT телеканалы маалымдагандай, Орусиянын тышкы иштер министрлиги Американын Орусияга каршы жаңы чаралары саясий аракет болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, 5-декабрда АКШнын каржы министрлиги “кибер коопсуздугуна” байланыштуу Орусиянын жана Украинанын 17 жаранына, ошондой эле орусиялык 7 компанияга санкция салган. Американын каржы министрлиги Орусиянын хакерлер тобунун мүчөлөрүн интернет вирустарды таркатуу аркылуу 100 миллиондон ашуун доллар уурдаган деген айып менен санкция киргизген.

Санкцияга хакердик топтун лидери Максим Якубец кабылды. Американын каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча, Якубец Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери болгон.

АКШнын каржы министрлиги аны кармоого жардам бере ала турган маалымат үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыялады.

Комментарий жиберүү