Судан өз аскерлерин Йеменден чыгарат

Судандын премьер-министри Йемен согушуна катышып жатышкан өз аскерлерин өлкөгө кайтараарын кабарлады.

Бул тууралуу Mehr агенттиги “ан-Нашра” маалымат порталына шилтеме берип маалымдады.

Белгилей кетсек, Судандын премьер-министри Абдуллах Хамдук Йемендеги аскерлерин кайра өлкөгө чакыртып алаарын билдирген.

Ал бул тууралуу мындай деди: Йемендеги судандык аскерлердин катышуусу мурдагы режимдин калган мурастарынан. Албетте, Йемен согушу аскердик чара көрүү менен чечилбейт. Андыктан бул согушка катышып жаткан ар бир өлкө аскердик ыкмаларын токтотуу менен саясий жолдор аркылуу бул маселени чечүүлөрү керек.

Ал мындай деп кошумчалды: Судан Йемендеги бир туугандарына жардам бермекчи. Биз алардын кырдаалын чечүүгө көмөктөшөбүз. Учурда Йеменде биздин 5 миң аскерибиз бар.

Комментарий жиберүү