Палестина басып алынгандан бери 1 млн. палестиналык камакка алынган

Палестиналык бир борбор 1948-жылдан бери 1 млн. палестиналык сионисттик күчтөр аркылуу камакка алынышканын жарыялады.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, палестиналык тутукундарды изилдөө борборунун катчысы Рияз аль-Ашкар мындай деди: сионисттик режимдин күчтөрү аркылуу палестиналыктардын камалууларынын саны өсүп жатканына карабастан, өз жерин бошотууга болгон аракеттер жана туруштук берүүлөр күчөөдө.

“Палестиналыктарды басынтуу жана жазалоонун эң тараган ыкмасы бул – аларды камакка алуу болуп саналат жана тилекке каршы сионисттик күчтөр бул ыкманы ар дайым колдонушат.

Алар бул үчүн атайын көптөгөн зындан-камактарды даярдап коюшкан жана алардын эң белгилүүсү чөлдүү аймактагы “ан-Никаб” камагы, анда 10 миң палестиналык бар”,-деди Рияз аль-Ашкар

Аль-Ашкар мындай деп кошумчалады: 1994-жылы экинчи “Интифада” күч алгандан 2015-жылга чейин 25 миң палестиналык камакка түшүрүлгөн. Ал эми учурда 5700 палестиналык сионисттик режимдин зындандарында болушса, алардын   250сү бала жан 47си аялдар. Ал эми 1800ү оорулуу болсо, алардын 700ү сөзсүз дарыгерлердин жардамдарына муктаж.

Комментарий жиберүү