Сионисттик режим палестиналык кабарчылардын укуктарын бузушууда

Палестина кабарчыларынын бирикмеси сионисттик режимдин аскерлери палестиналык кабарчылардын укуктарын бузуп жатышканын билдирди.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина кабарчыларынын бирикмеси сионисттик режимдин аскерлеринин кол салууларынан өткөн айда эле 15 кабарчы жабыркап, ооруканаларга түшүшкөнүн жарыялады.

Бирикменин билдирүүсүндө, кабарчылардын укуктарын бузуу көрүнүштөрү көбүнчө Халил шаарынын түндүгүндөгү Суриф айылында болгон.
 

Бул аймакта сионисттик аскерлердин кол салууларынан бир кабарчы көзүнө ок тийип, дагы ону жаракат алган.

Берилген маалыматтарга караштуу, палестиналык кабарчыларга түздөн-түз кол салынган жана өткөн айда алардын 23ү газдан ууланып калышкан. Мындан тышкары палестиналык кабарчылардын жабдыктарын чыгаруучу жайлар талкаланып, алардын пресс борборуна  кол салынган.

Ал эми өткөн айда бир палестиналык телеканалдын имаратына чабуул коюшкан сионисттик күчтөр 3 кызматкерди кармашып, дагы 4үн суракка чакыртышкан.

Палестина кабарчыларын колдоочу комитеттин билдирүүсү боюнча, сионисттик аскерлердин кабарчыларга жасаган мындай орой мамилелери, алардын бул режимдин согуштук аракеттерин ачыктоолоруна тоскоолдук жасоо максатында болууда.

Комментарий жиберүү