SANA: Йеменде 1700 күндө 800 бала майып болду

Йемендин Улуттук куткаруу өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы сауд коалициясынын Йеменге каршы согушунда 1700 күндө 800дөн ашуун бала майып болуп калганын маалымдады.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Юсеф аль-Хазаринин айтымында,  сауд коалициясынын курчоосунун натыйжасында эл аралык Сана аэропорту  жабылып калып, андан улам Йемендин 350 миңдей жараны дарылануу үчүн чет өлкөгө чыга албай жатат.

Алардын ичинен 42 миңге жакыны көз жумган. “Аlmasirah” телеканалы маалымдагандай, Юсеф аль-Хазари сауд коалициясынын Йеменге каршы улантып жаткан чабуулдарынан улам беш жашка чейинки 3 миллиондой бала начар тамактанарын айтты.

Ошондой эле ал 400 миңдей бала  начар тамактануудан  жапа чегерин айтып, эгер алар медициналык кароодон өтпөсө, анда ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлүү коркунучу алдында турарын билдирди.

Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын Йеменге каршы согушу 2015-жылдын мартында башталган жана учурда дагы уланууда. Бул мезгил аралыгында миңдеген йемендиктер каза тапты же жаракат алды.

Комментарий жиберүү