Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү темасында семинар өткөрүлдү

Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү темасында семинар өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы, “Мутакалим” коому  жана Кризистик борборлор ассоциациясынын демилгеси менен “Тең өнөктөштүк мамилелерди куруудагы коммуникациялык көнүмдөр”деп  аталган семинар  өттү. Борбор калаабыздагы “Солюкс” мейманканасында 9-декабрда кыз-келиндердин үй-бүлөлүк маселелер боюнча семинар тренинги уюштурулду. Бул семинарды КМДБнын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Эргешов Акимжан, фатва бөлүмүнүн жетекчиси Эратов Равшан ажы, “Мутакалим” АКсынын жетекчиси Жамал Фронтобек кызы жана атайын эксперттер Тюлекова Толкун менен Жумабаева Гүлбарчын алып барышты.Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларынын өсүшү, ажырашуу, бала тарбиялоодогу маселелер, коммуникациялык мамилелердеги кыйынчылыктар,…

Прочитайте больше

Голландиялык укук коргоочулар Рохинжа мусулмандарын колдоп чыгышты

Голландиялык укук коргоочулар Рохинжа мусулмандарын колдоп чыгышты

Голландиянын адам укуктарын коргоочу активисттер Мьянмага санкция киргизүүнү талап кылышты. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Эл аралык кылмыш соту Мьянма аскерлеринин рохинжалык мусулмандарды жапырт өлтүрүү иштерин териштиришүүдө.Белгилей кетсек, бул соттук отурумдан бир күн мурда голландиялык адам укуктарын коргоочу активисттер Мьянма өкмөтүнө санкция киргизүүнү талап коюшту. Мьянманын ТИМ жетекчиси жана башкаруучу партиянын лидери Aung San Suu Kyi Лагада өтүп жаткан 3 күндүк сот отурумуна катышып, соттун суроолоруна жооп бермекчи. Рохинжа мусулмандарынын коргоочулары жана Мьянма өкмөтүнүн колдоочулары жакын…

Прочитайте больше

Түркия франциялык 11 согушкерди Парижге өткөрүп берди

Түркия франциялык 11 согушкерди Парижге өткөрүп берди

Түркиянын ички иштер министрлиги чет өлкөлүк террорчуларды өз мекенине кайтаруу процессинин алкагында, ИШИМдин мүчөсү болгон Франциянын 11 жараны мекенине депортацияланганын маалымдады. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “RT Arabic” телеканалына шилтеме берип жазды.  Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, чет өлкөлүк согушкерлерди мекендерине өткөрүп берүү операциясы улантылып жаткандыгы айтылды. Анкара  9-ноябрда ИШИМ террордук уюмунун туткундалган согушкерлерин өз мекенине депортациялоону баштаганын билдирген. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин Түркия ИШИМ согушкерлери үчүн мейманкана эмес деп билдирген.

Прочитайте больше

Орусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилдиОрусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилди

Орусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилдиОрусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилди

Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (ВАДА) Орусия спортчуларын алдыдагы 4 жылдын ичиндеги бардык Олимпиада оюндарына катышууларына тыюу салынганын билдирди. «Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чечимди ВАДАнын аткаруу комитети чыгарды.Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин комитети буга чейин Орусиянын спортчулары улуттук желегинин ордуна Эл аралык олимпиада комитетинин желеги менен 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына катыша алышарын билдирген эле. Кечээ, дүйшөмбү күнү Швецияда антидопинг агенттигинин расмий өкүлдөрүнүн жыйынынан кийин, Орусиянын спортчулар командасы 2020-жылы Токиодо өтө турган жана 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы оюндарга катышуудан…

Прочитайте больше

Дүйнөдө курал сатуу көбөйдү

Дүйнөдө курал сатуу көбөйдү

Стокгольмдагы эл аралык тынчтыкты иликтеген институт – SIPRI акыркы бир жылда дүйнөлүк рынокто курал сатуу көбөйгөнүн жарыялады. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Аталган институт 2018-жылы дүйнөдө курал сатуу 4,6%га көбөйгөнүн билдирди. Институттун маалыматына караганда, дүйнөдөгү курал-жарак өндүргөн ири 100 компаниянын курал сатуу көлөмү 420 миллиард долларды түзгөн. Курал-жарак базарында АКШ дагы эле биринчи орунда, америкалык компаниялардын курал-жарак сатуусунун жалпы көлөмү 246 миллиард долларды түзүп, бир жылдын ичинде 7%га көбөйгөн. Америкалык компаниялар АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусия…

Прочитайте больше