Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү темасында семинар өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы, “Мутакалим” коому  жана Кризистик борборлор ассоциациясынын демилгеси менен “Тең өнөктөштүк мамилелерди куруудагы коммуникациялык көнүмдөр”деп  аталган семинар  өттү.

Борбор калаабыздагы “Солюкс” мейманканасында 9-декабрда кыз-келиндердин үй-бүлөлүк маселелер боюнча семинар тренинги уюштурулду. Бул семинарды КМДБнын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Эргешов Акимжан, фатва бөлүмүнүн жетекчиси Эратов Равшан ажы, “Мутакалим” АКсынын жетекчиси Жамал Фронтобек кызы жана атайын эксперттер Тюлекова Толкун менен Жумабаева Гүлбарчын алып барышты.
Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларынын өсүшү, ажырашуу, бала тарбиялоодогу маселелер, коммуникациялык мамилелердеги кыйынчылыктар, укук коргоо темалары аталган семинардын программаларына кирген.
Белгилей кетсек, бул программалар КМДБ менен Кризистик борборлор ассоциациясы аркылуу түзүлгөн жана келечекте сабак программасына ылайыкталып китеп түрүндө басылып чыгарылмакчы.

Бул семинар жети саатка уланып, анда адистер “Бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчулүктөрдүн улуттук саясаты”, “Тең өнөктөштүк мамилелердеги коммуникациялык көнүмдөр”, “Кыздарга жана аялдарга карата зомбулук”, “Эрте жыныстык мамилелердин кесепеттери” темаларына арналган маселерди баяндап беришти.
Ислам булактарына таянып жана социалдык-психологиялык илимдер менен айкалыштырылып иштетилип чыккан бул программа учурдагы коомдук маселелерди чечүүдөгү теориялык ролу маанилүү. Семинардын алпаруучулары  өздөрүнүн исламдык илимдеринен жана бир канча жылдар бою  ар кандай маселелүү үй-бүлө мүчөлөрү менен иштешип келишкен тажыйрбалары менен бөлүшүштү. Ал эми семинарга катышышкан кыз-келиндер, алардын ичинде студенттер, мугалимдер, агартуу, тарбия берүү фонддордун жетекчилери орчундуу суроолорун адистерге узатышып, талкууга алышты.

Учурдагы социалдык маселелерге арналган тернингдерде ошондой эле Кыргызстанда иштеп жаткан кризистик борборлор боюнча, коомдогу аярлуу катмарлар, зордук-зомбулук көргөндөр, курмандыктар жана демографиялык кырдаалдар боюнча маалыматтар берилди.

 Берилген маалыматтарга караштуу,  ымыркайлар жана жаш балдардын ден соолуктарына жетишээрлик каралбагандыктан, 2018-жылы эле 4 жашка чейинки балдардын өлүмү 3000ге жеткен. Ал эми ар бир 8 үйлөнүүдөн 5-6сы ажырашуу менен бүтсө, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктардан айрыкча аялдар жана балдар, алардын ичинде кыздар көп жабыркашат. Зордук-зомбулуктар көпчүлүк учурда көмүскөдө калып, курмандыктар менен жыйынтыкталган көрүнүштөр да аз эмес. Мындай кесепеттер менен күрөшүү же болбосо зомбулукка кабылгандарга моралдык жана материалдык жардам берүү, колдоо көрсөтүү боюнча республикада 14 кризистик борбор иштейт.

Мындай борборлордун кызматкерлери коомдун аярлуу катмарынын жарандарына психологиялык жардам көрсөтүп, алардын жакындары менен дагы байланыш түзүү менен кеп-кеңеш берип иштешсе, бир тараптан  ушуга окшош көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында айрым окуу жайларда, атайын топторго үйрөтүүчү жана тарбиялык багыттагы семинарларды өткөрүшүүдө.

“Мечиттердин көп болуусу менен диний сабатсыздык чечилип кетпейт жана диний сезими менен диний сабаттуулуктун айрымасы бар,-деп баса белгилеп кетти Эргешов Акимжан.
Анын айтымында, мечиттерде намазга жыгылуу менен жума кутбаларында бир хадис угуп кою коомдун оңолуусу жетишсиз. Оболу элге диний билимдер жеткирилип жана динге амал кылынуусу керек. Бул жаатта ислам негиздерин жеткиликтүү түшүндүрүп, жаш муундарга, жубайларга, дегеле мусулмандарга укук милдеттерди  баяндоодо дин аалымдарынын ролу маанилүү экендигин аныктайт.


Даярдаган: Каныкей Жаманкулова.

Комментарий жиберүү