Голландиялык укук коргоочулар Рохинжа мусулмандарын колдоп чыгышты

Голландиянын адам укуктарын коргоочу активисттер Мьянмага санкция киргизүүнү талап кылышты.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Эл аралык кылмыш соту Мьянма аскерлеринин рохинжалык мусулмандарды жапырт өлтүрүү иштерин териштиришүүдө.
Белгилей кетсек, бул соттук отурумдан бир күн мурда голландиялык адам укуктарын коргоочу активисттер Мьянма өкмөтүнө санкция киргизүүнү талап коюшту.

Мьянманын ТИМ жетекчиси жана башкаруучу партиянын лидери Aung San Suu Kyi Лагада өтүп жаткан 3 күндүк сот отурумуна катышып, соттун суроолоруна жооп бермекчи.

Рохинжа мусулмандарынын коргоочулары жана Мьянма өкмөтүнүн колдоочулары жакын арада Лагада ири митинг уюштурушарын билдиришкен.

 Эске салсак, 2017-жылы Мьянма өкмөтүнүн рохинжалык мусулмандарга жасаган чабуулунан 730 миң мусулман бул өлкөдөн качып чыгышкан.

Комментарий жиберүү