Дүйнөдө курал сатуу көбөйдү

Стокгольмдагы эл аралык тынчтыкты иликтеген институт – SIPRI акыркы бир жылда дүйнөлүк рынокто курал сатуу көбөйгөнүн жарыялады.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Аталган институт 2018-жылы дүйнөдө курал сатуу 4,6%га көбөйгөнүн билдирди. Институттун маалыматына караганда, дүйнөдөгү курал-жарак өндүргөн ири 100 компаниянын курал сатуу көлөмү 420 миллиард долларды түзгөн.

Курал-жарак базарында АКШ дагы эле биринчи орунда, америкалык компаниялардын курал-жарак сатуусунун жалпы көлөмү 246 миллиард долларды түзүп, бир жылдын ичинде 7%га көбөйгөн.

Америкалык компаниялар АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусия менен Кытайдын каршысында АКШнын позициясын бекемдөө үчүн өлкөнүн когонуу күчүн модернизациялоого багытталган стратегиясынан пайда көрүүдө.

Орусиянын компанияларынын курал сатуусунун көлүмү 8,6%ды түзүп, экинчи орунга турду. Кийинки орундарда Улуу Британия (8,4%) жана Франция (5,5%) турат.

Комментарий жиберүү