Орусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилдиОрусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилди

Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (ВАДА) Орусия спортчуларын алдыдагы 4 жылдын ичиндеги бардык Олимпиада оюндарына катышууларына тыюу салынганын билдирди.

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чечимди ВАДАнын аткаруу комитети чыгарды.
Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин комитети буга чейин Орусиянын спортчулары улуттук желегинин ордуна Эл аралык олимпиада комитетинин желеги менен 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына катыша алышарын билдирген эле.

Кечээ, дүйшөмбү күнү Швецияда антидопинг агенттигинин расмий өкүлдөрүнүн жыйынынан кийин, Орусиянын спортчулар командасы 2020-жылы Токиодо өтө турган жана 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы оюндарга катышуудан четтетилди.

Эми допинг колдонгонунун себебинен Орусиянын спортчулары ири дүйнөлүк мелдештерге катыша албайт. Бул Олимпиада жана Дүйнө чемпиондуктарына да тиешелүү. Орусия 4 жыл ичинде ири мелдештерди кабыл алуусу да мүмкүн эмес. Ошондой эле Орусия чиновниктери Олимпиада жана башка ири мелдештерге бара алышпайт. Орусия тарап ири айып төлөөсү керек.

Бул чечим Москванын антидопингтик лабораториясынын маалыматтарын текшерүүдөн кийин чыгарылды. Анда 2012-2015-жылдары допинг колдонгон спортчулардын маалыматтарын алмаштырып турушканы ачыкталган.

Комментарий жиберүү