Түркия франциялык 11 согушкерди Парижге өткөрүп берди

Түркиянын ички иштер министрлиги чет өлкөлүк террорчуларды өз мекенине кайтаруу процессинин алкагында, ИШИМдин мүчөсү болгон Франциянын 11 жараны мекенине депортацияланганын маалымдады.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “RT Arabic” телеканалына шилтеме берип жазды.  Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, чет өлкөлүк согушкерлерди мекендерине өткөрүп берүү операциясы улантылып жаткандыгы айтылды.

Анкара  9-ноябрда ИШИМ террордук уюмунун туткундалган согушкерлерин өз мекенине депортациялоону баштаганын билдирген. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин Түркия ИШИМ согушкерлери үчүн мейманкана эмес деп билдирген.

Комментарий жиберүү