Алжирде кайрадан митинг толкундары башталды

Алжирдин миңдеген студенттери менен саясий активисттери борбор калаадагы аянтка топтолушуп, президенттик шайлоолорго каршы чыгышты.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, митингчилер Алжирдин келечектеги саясий чөйрөсүндө армиялык башкарууга каршылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Алжирдин экс-президенти Абдуль Азизи Бутефлика көз жумган соң, өкмөт убактылуу аскердик саясий башкарууга өткөн. Ал эми алжирликтер, мурдараак экс-президенттин кайра шайланышына да өз нааразычылыктарын билидиршип, митингге чыгышкан эле.

Эске салсак, экс-президент 2019-жылы 2-апрелде көз жумгандан бери жаңы президенттик шайлоолор 12-декабрда өткөрүлүшү каралган.
Алжир тургундары өкмөткө кайрадан экс-президенттин саясатын жактагандар келээрине тынчсызданышууда.

Комментарий жиберүү