Болгарияда ИШИМдин тарапташтарына өкүм чыгарылды

Болгариянын соту кечээ, 10-декабрда радикалдуу дин кызматкери имам Ахмед Мусаны жана башка 13 адамды ИШИМ террордук уюмун колдогон деген айып менен эркинен ажыратты.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, Муса жана анын экстремист жактоочуларына карата сот процесси биринчи жолу 2016-жылы башталган. Экстремисттик идеяларды жайылткан деген айып менен түрмөдө жаткан Ахмед Муса Болгария сотунун чечими менен 8 жылга кесилди.

Ал эми анын тарапташтары экстремисттик жана террордук топторду колдогон деген айып менен ар бири 2 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылды. 2014-жылдын аягында Болгариянын түштүгүндөгү 40тан ашуун үйдө жана бир мечитте рейд жүргүзүлгөн.

Рейд учурунда ИШИМ террордук уюмунун белгиси менен көп өлчөмдөгү кийим-кече жана желектер табылган. Болгариянын коопсуздук инспекторлору колдо бар далилдерге таянып, имам Ахмед Муса ИШИМ террордук уюмуна күч тартып жатканын билдиришкен.

Болгариянын бийлиги ИШИМге каршы АКШ жетектеген эл аралык коалицияны колдогон, бирок ал операцияда жигердүү аскердик роль ойногон эмес. Болгариянын 7 миллион калкынын 12%ын мусулмандар түзөт, алардын көбү байыркы түрк коомуна таандык.

Комментарий жиберүү