Москвада белгисиз адам 30 метро станциясына бомба коюлганын маалымдады

Орусиянын маалымат каражаттары өлкөнүн борбор калаасынын 30 метро станциясына бомба коюлган болушу мүмкүндүгүн билдиришти.

Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги “TASS” агенттигинин маалыматына таянып билдирди.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, шейшемби күнү билдирүү жасап, белгисиз адам министрликке электрондук кат жөнөтүп, Москва шаарынын 30 метро станциясына бомбалар жана жарылуучу заттар коюлганын кабарлаганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, Орусиянын коопсуздук күчтөрү бул маалымат боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Азырынча бул боюнча толук маалыматтар бериле элек.

Комментарий жиберүү