ЕБ Палестина мамлекетин расмий таануу маселесин карап чыгат

Сионист режиминин бир маалымат каражаты Европа Биримдиги январда өтө турган жыйынында Палестина көз карандысыз мамлекетин расмий таануу мүмкүнчүлүгү боюнча маселени талкууга аларын маалымдады.

Бул тууралуу Израилдин “Кан” маалымат агенттиги билдиргенин «Fars News» агенттиги кабарлады.
Американын сионист режиминин шаарчаларды куруусу боюнча акыркы аракетинен кийин жана Люксембургдун Палестинаны расмий таануу боюнча сунушу боюнча Европа Биримдиги Палестина көз карандысыз мамлекетин расмий таануу маселесин талкууга алмакчы.

“Люксембургдун тышкы иштер министринин ЕБте Палестина көз карандысыз мамлекетин таануу зарылдыгы тууралуу берген сунушу боюнча аталган уюм сүйлөшүү жүргүзөт”, – деп маалымдады “Кан” маалымат агенттиги.

Буга чейин, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель ЕБтин бир жыйынында сионист режими жана Палестина боюнча позициясынын өзгөргөндүгү тууралуу сөз сүйлөрүн билдирген эле. Бул жыйын келерки аптада өтүүсү пландаштырылган.

Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн Американын сионист режиминин шаарчаларды куруусуна карата саясаты өзгөргөндөн кийин Европа Биримдиги Палестина көз карандысыз мамлекетин расмий таануусу зарыл экенин сунуштаган эле.

Бул билдирүү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун өлкөнүн өкмөтү Батыш Шериада Израилдин шаарчаларды куруусу боюнча саясаты өзгөргөндүгү жана сионисттердин бул аракети эл аралык мыйзамдарды бузбайт деп эсептерин жарыялоосунан кийин жасалган.

Комментарий жиберүү