Имран Хан: Индия Кашмирде адам укуктарын бузууда

Пакистандын премьер-министри дүйнөлүк коомдон  Жамму менен Кашмирдеги адам укуктарын бузуу көрүнүштөрүнө көңүл буруусун талап кылды.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык,  Пакистандын премьер-министри дүйнөлүк адам укуктары күнүнө карата өзүнүн Твиттер баракчасында билдирүү жасады.
“Жамму менен Кашмир 4 айдан бери Индиянын курчоосунда жана бул аймактарда адам укуктары тебеленүүдө. Индиянын баскынчы өкмөтүн айыптайбыз жана бул абал тез арада чечилүүсун талап кылабыз. Дүйнөлүк коом, БУУнун Коопсуздук кеңеши бул маселеге көңүл бурсун”,-деп жазды премьер-министр.

Индия менен Пакистандын Британия эксплуатациясынан бошонуп эркиндикке чыккандан бери 3 ирет: 1945, 1947, 1971-жылдары Кашмир маселеси боюнча согушушту. Бул согушта 70 миңден ашуун адам да курман болду. Ал эми Кашмирде эркиндик талап кылуучу топ 1989-жылы Индиядан бөлүнүп, Пакистанга кошулуу максатында күрөшкө чыгышты. Андан бери 100 миңдеген кашмирликтер Индия аскерлеринин колунан курман болушса, 10 миңдеген аялдар зордук-зомбулук көрүшкөн.

Комментарий жиберүү