Йеменде согуштан улам күн сайын 1000 бала көз жумат

Йемендин Саламаттык сактоо министри өлкөнүн саламаттык сактоо сектору сауд коалициясынын чабуулдарында көбүрөөк жабыркаган секторлордун бири экенин айтып, күн сайын 1000 бала көз жумарын билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Таха аль-Мутавакель сауд коалициясынын курчоосунан улам эл аралык уюмдар Йемендин  саламаттык сактоо секторунун муктаждыктарын камсыз кыла албай жаткандыктан улам күн сайын 1000 бала көз жумуп жатканын билдирди.

“Аlmasirah” телеканалы маалымдагандай, министр басма сөз жыйыны учурунда “Биз йемендик балдардын сауд коалициясынын колунан өлтүрүлүшүнө каршыбыз. Күн сайын кеминде 1000 бала көз жумууда. Кош бойлуулук жана төрөт учурунда 6 миң аял көз жумду. Сауд коалициясы толук бир муунду кырып жатат. Коалициянын аба күчтөрү Йемендин медициналык борборлорун түздөн-түз бомбалап жатат”, – деди.

Ал гуманитардык жана медициналык катастрофаны азайтуу үчүн Сана аэропортун ачууну талап кылды. Анын айтымында, өлкөдөгү медициналык жабдуулардын 93%ы иштен чыгып калган. Ал сөзүнүн аягында, Йемен медицина жаатында 900 миллион долларга муктаж деп билдирди.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү