Лага соту Рохинжа мусулмандарын кыруу кылмышын териштирет

Эл аралык сот Мьянма өкмөтүнө каршы арыз иштерин караштырууда.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, 11-декабрда Лага сотунда Бирмадагы мусулмандарды кыруу кылмыш ишин караштыруу башталды.
Белгилей кетсек, 2017-жылдагы рохинжалык мусулмандарды кыруу кылмышына байланыштуу  бул арызды Гамбия өкмөтү бир канча өлкөлөрдүн мусулмандары тарабынан Лага сотуна тапшырган.

Гамбия Мьянма өкмөтүн сотко берүү менен рохинжалык мусулмандарды кыруу жана аларга зордук-зомбулук көрсөтүү кылмышы тез арада токтотулуусун талап кылган.

Ал эми Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи Лага сотуна чакырылган жана өзү жалгыз өз өкмөтүн бул сотто коргомокчу.

Эске салсак, Мьянманын түндүк-батышында жайгашкан Рохинжа аймагындагы мусулмандарга бир канча жылдан бери өлкөнүн буддистери жана өкмөт аскерлери аркылуу кысымдар көрсөтүлүп келет.

Комментарий жиберүү