Ирандык кыз эмнеге сионисттик режимдин өкүлү менен шахмат ойногондон баштартты?

Ирандык шахматчы айым Палестинанын кордолгон элин колдоо максатында сионисттик режимдин өкүлү менен мелдешүүдөн баш тартты.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Мубина Алинасаб аттуу эл аралык аялдар шахматынын устаты Испанияда өтүп жаткан эл аралык шахмат оюндарынын 9- айлампасында атаандашы, сионисттик режимдин өкүлү болгондуктан мелдештен баш тарткан.

Алинасаб 8-айлампанын аягына чейин 1 жеңиш, 1 жеңилүү менен жыйынтыктаган.

Ал эми өткөн жылы Арин Гулами аттуу  ирандык шахматчы айым Швецияда өткөн Рилтон шахмат мелдештеринде сионисттик режимдин өкүлү менен ойноого туура келгенде, ал оюндан четке чыгат.

Белгилей кестек, Иран сионисттик режимди расмий түрдө тааныбайт жана бул негиздик саясаттын алкагында Иран спортчулары дүйнөлүк мелдештерде кайсы бир багытта болбосун, сионисттик режимдин өкүлү менен атаандашууга туура келген учурда Палестинанын кордолгон элине колдоо көрсөтүү максатында бул режимдин өкүлдөрү менен ойноодон баш тартышат.

Комментарий жиберүү