Рохинжа мусулмандары Аун Сан Су Чжинин Гаага сотундагы билдирүүсүн четке какты

Рохинжа мусулмандары эл аралык коомчулукту Мьянманын башкаруучу партиясынын лидери Аун Сан Су Чжинин Эл аралык Гаага сотундагы билдирүүсүнө ишенбөөгө чакырды.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Аун Сан Су Чжи 11-декабрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда өкмөтүнүн рохинжа мусулмандарына каршы жасаган аракетин колдогон.

Ал Мьянмадагы рохинжа мусулмандары “геноцид” болгонун четке кагып, жүз миндеген мусулмандардын Мьянмадан чыгып кетишине кошуундар менен болгон кагылышуу себепчи болгонун билдирген.

Ошондой эле ал Мьянма армиясынын 2017-жылы миңдеген рохинжа мусулмандарын өлтүрүп, аларга зордук-зомбулук көрсөтүп, үйлөрүн өрттөгөнүн четке каккан.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын өлтүрүлүшү боюнча ишти Гамбия бийлиги 57 ислам өлкөсүнүн атынан кайрылгандан кийин 10-декабрда иликтөөнү баштаган. 

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-августунан бери азыркы учурга чейин Мьянманын батышындагы Ракхайн штатындагы Мьянма армиясынын рохинжа мусулмандарына каршы жасаган зордук-зомбулуктарынан улам 6 минден ашуун адам каза таап, 8 минге жакын киши жаракат алып, 1 миллиондон ашуун адам Бангладешке качууга аргасыз болгон. БУУ Мьянма армиясы бул өлкөдө “этникалык тазалоо” жүргүзүүнү көздөп жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү