Орусиянын сунушу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча токтом кабыл алды

Орусиянын сунушу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча токтом кабыл алды

БУУнун Башкы Ассамблеясында Орусиянын сунушу боюнча бир добуштан курал-жарактарды көзөмөлдөө тууралуу токтом кабыл алынды. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.Курал-жарак көзөмөлүн күчөтүү, куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо боюнча Орусия тараптан сунушталган токтом кечээ, жума күнү 179 добуш менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилди. Токтомго каршы бир дагы добуш берилген жок. 179 өлкө, анын ичинде АКШ дагы токтомду колдоп добуш беришти. Украина, Грузия жана Палау аралы калыс добуш беришти. Бул токтом курал-жарактарды көзөмөлдөө жаатындагы келишимдердин жана макулдашуулардын терс…

Прочитайте больше

ШКУга мүчө-мамлекеттердин террорчулукка каршы биргелешкен машыгуулары өттү

ШКУга мүчө-мамлекеттердин террорчулукка каршы биргелешкен машыгуулары өттү

Шанхай Кызматташтык Уюму Кытайда террорчулукка каршы биргелешкен машыгууларды өткөрдү. “IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, бейшемби жана жума күндөрү Кытайдын Фуцзянь облусунун Сямынь шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизги 8 мүчөсүнүн анти-террордук мекемелеринин жана аймактагы террорчулукка каршы мекемелердин Аткаруу комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда ШКУнун кибертеррорчулукка каршы биргелешкен үчүнчү машыгуулары өттү. Машыгуулар өз ара ишенимди жогорулатуу, кибертеррорчулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык анти-террордук мекемелердин даярдыгынын деңгээлин баалоо жана маалымат алмашуу максатында өткөрүлдү. ШКУнун террорчулукка каршы кеңсесинин аткаруу бөлүмүнүн башчысы Евгений Сысоев…

Прочитайте больше

Йемен: Арабстан аль-Хадидага гуманитардык жардамдардын жетишине тоскоолдук жаратуусун улантууда

Йемен: Арабстан аль-Хадидага гуманитардык жардамдардын жетишине тоскоолдук жаратуусун улантууда

Йемен маалымат булактары сауддук-эмираттык коалициянын аль-Хадида портуна гуманитардык жардамдарды жүктөгөн кемелерди токтотконун кабарлашты. Бул тууралуу Tasnim агенттиги аль-Масийра каналына шилтеме берип маалымдады.Йеменге кол салуучу сауддук-эмираттык коалиция гуманитардык жардамдарды жана мунай продукцияларын жүктөп бара жаткан уруксаты бар 13 кемени текшерүүгө алган соң, себепсиз токтоткон. Берилген маалыматтарга караштуу, 14 кеменин бири гана аль-Хадида портуна өтүүгө уруксат алган. Ал эми калган 13 кеменин себепсиз токтотулуусуна 44 күн болгону маалымдалды.

Прочитайте больше

Өкмөт дары-дармек рыногун жөнгө салуунун жолун тапты

Өкмөт дары-дармек рыногун жөнгө салуунун жолун тапты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Маалыматтардын электрондук базасын киргизүү дары-дармектер рыногун жөнгө салып, контрафакт менен күрөшүүгө жардам берет. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дары каражаттары жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жыйын учурунда дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын киргизүүнүн I-II баскычтарын ишке ашыруу боюнча отчет сунушталып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын жана фармацевтика чөйрөсүн…

Прочитайте больше