Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

16-декабрда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмо тосуп башташкан. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон аймакка Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, тактала элек чек ара тилкесиндеги курулушту токтотууга чакырган. Бирок алар талапты аткарышкан эмес. Учурда…

Прочитайте больше

Йеменде балдар арасында рак оорусу күч алды

Йеменде балдар арасында рак оорусу күч алды

Йемендин Улуттук рак борборунун жетекчиси өлкөдө рак менен ооруган балдар көбөйгөнүн билдирди. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Али Мансур өлкөдө ракка каршы дары-дармектердин жетишсиздигин маалымдады. Ал азыркы учурда рак оорусунан курман болгон балдардын саны өсүп жатканын билдирип, өлкөдөгү согуш жана курчоо маселеси буга себеп болгонун белгиледи.  Ал ошондой эле БУУга кайрылып,  Арабстан коалициясынын Йеменге карата кысым көрсөтүүсүн токтотууга чара көрүүсүн талап кылды.  Берилген маалыматтарга караштуу, Йемендеги азыркы абал, жакырчылык, дары-дармектин жетишсиздиги жана гуманитардык жардамдардын тартыштыгы жана эң…

Прочитайте больше

Эрдоган АКШнын аскердик базаларын жаап салам деп коркутту

Эрдоган АКШнын аскердик базаларын жаап салам деп коркутту

Түркиянын президенти Американын ыктымал санкцияларына жооп катары Инжирлик жана Куреджик аскердик базаларын жаап саларын айтып коркутту. «Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жекшемби күнү “Haber” телеканалынын эфиринде Вашингтон Анкарага каршы санкцияларды киргизе турган болсо, Инжирлик аскердик базасы жабыларын, зарыл болсо АКШ үчүн европалык ракетага каршы коргонуу системасы жайгашкан Куреджик базасы да жабылышы ыктымалдыгын эскертти. “Американын бул ишти жасабаганы эки тарап үчүн тең маанилүү. Кийин бул нерсени оңдогонго мүмкүн болбой калат. Түркия Американын…

Прочитайте больше