БУУ “Палестина элинин тагдырын чечүү укугу” токтомун бекитти

БУУ “Палестина элинин тагдырын чечүү укугу” токтомун бекитти

БУУ көпчүлүк добуш менен “Палестина элинин тагдырын чечүү укугу” токтомун бекитти. Бул тууралуу ISNA агенттиги Сана каналына шилтеме берип маалымдады.Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Мансуриян бул токтомду бекитүүдө көпчүлүк Палестинанын пайдасына добуш берилгенин белгиледи. Белгилей кетсек, БУУнун аталган токтомуна 168 макул, 11 калыс  жана 5 каршы добуш, алардын ичинде Америка менен сионисттик режимдин өкүлдөрү тарабынан берилген. Мансурияндын айтымында, Палестина эли өз тагдырын чечүү укугунан өз алдынча эгемендүү өлкө болуу менен пайдаланышы керек. Ал ошондой эле дүйнө өлкөлөрүн бул…

Прочитайте больше

Индияда жума намазынан кийин митинг болуп, төрт адам каза тапты

Индияда жума намазынан кийин митинг болуп, төрт адам каза тапты

Жума күнү Индиянын мусулмандары жарандык боюнча жаңы мыйзамга каршы митингге чыгышты. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, жума күнү Индиянын түштүгүндө мусулман качкындардын жарандык алуусун жокко чыгарган жаңы мыйзамга каршы болгон митингде төрт адам каза тапты. “Deutsche Welle” интернет сайтынын маалыматына караганда, Индиянын түштүгүндө аскердик абал жарыяланып, андан тышкары митингге чыккан мусулмандарга каршы туруу үчүн өлкөнүн түндүк бөлүгүндө интернет үзгүлтүкө учураган. Ошондой эле Индиянын борбору жана башка шаарларында үч күндөн бери төрт адамдан ашык адамга митингге…

Прочитайте больше

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун чет өлкөлүк мүчөсү кармалды

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун чет өлкөлүк мүчөсү кармалды

Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) чет өлкөлүк мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, күн мурун, 19-декабрда УКМК тарабынан Бишкек шаарынан Кыргызстандын паспортун фиктивдүү колдонгон, жихадчы иш-чараларга катыштыгы бар жана КР чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн делип 1981-жылы туулган чет өлкөнүн Н.Х., аттуу жараны кармалган. Аталган факты сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. “Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди”, – деп айтылат билдирүүдө. Учурда тергөө иштери…

Прочитайте больше

Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктаганын билдирди

Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктаганын билдирди

20-декабрда  Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съезди өтүп, партиянын жаңы төрагасы болуп парламент депутаты Мирлан Жээнчороев шайланды. Съездин ачылышында сүйлөгөн Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын, партиянын жаңы лидери катары Мирлан Жээнчороевди көрөрүн билдирген. Аны сөзүнө бекем турган адам катары билерин, өлкөнүн да, партиянын да келечегине салым кошорун, партиянын реформа жолун улантарын кошумчалаган. Партиянын жаңы лидери болуп шайланган Мирлан Жээнчороев партиянын ишмердүүлүгүн Өмүрбек Бабановсуз эч ким элестете албай турганын билдирди. — Бабанов койгон деңгээлди алып кетүү…

Прочитайте больше