Президенттин учагы бузулуп калганы кабарланды

Президенттин учагы бузулуп калганы кабарланды

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду ташыган учак Санкт-Петербург шаарынан кайтып келе жатып абага көтөрүлө албай калган. Буга учактын техникалык абалы себеп болгонун Жарандык авиация департаменти ырастады. Натыйжада президент Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация мекенине каттамдык учак менен кайтууга аргасыз болгон. Кыргызстандын бийлик башчыларын ташып жүргөн «ТУ-154» учагы 1993-жылы чыгарылган. (ZKo)

Прочитайте больше

Араб лигасы Бразилияны айыптады

Араб лигасы Бразилияны айыптады

Араб лигасы Бразилиянын чечимин четке какты. Араб лигасы, Бразилиянын Кудста соода өкүлчүлүгүн ачышын айыптады. Араб лигасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Палестинанын талабы боюнча жыйын өткөрүлдү. Билдирүүдө Бразилиянын Израилдеги соода өкүлчүлүгүн Кудста ачышы айыпталып, бул чечимдин четке кагылгандыгы белгиленди. Бразилиядан мурда мартта Венгрия, сентябрда да Гондурас басылып алынган Батыш Кудста соода өкүлчүлүгүн ачкан болчу. Палестина өкмөтү менен катар бир топ араб жана мусулман өлкө, Израиль элчиликтери менен соода кеңселеринин басылып алынган Кудста ачылуусуна каршылык көрсөтүшүүдө.

Прочитайте больше

Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

Белгилүү кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияда экени айтылып жаткан. Болот Шамшиев кыргыз-совет кинорежиссеру. СССРдин Эл артисти. Ал 1941-жылы 12- январда Фрунзеде төрөлгөн. Ал “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Эрте келген турналар” жана башка көркөм тасмаларды тарткан. (ZA)

Прочитайте больше

Эрдоган Ханука майрамына карата билдирүү жарыялады

Эрдоган Ханука майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ханука майрамынан улам билдирүү жарыялап жөөт атуулдарды куттуктады. Президент Режеп Таййип Эрдоган, толеранттуулук климатынын жикчил, бөлүүчү жана ашкере топтор тарабынан ууландырылышына уруксат бербегендерин белгилеп кетти. Эрдоган, Ханука майрамынан улам билдирүү жарыялап жөөт атуулдарды куттуктады. Эрдоган, билдирүүсүндө айырмачылыктарды байлык катары караган, дин, тил жана раса айырмачылыгын кылууну четке каккан түптүү маданияттын мүчөлөрү катары ар бир атуулдун ишеничин эркин жашай алышына өзгөчө маани бергендерин белгиледи. Ушундай түшүнүк менен акыркы 17 жылда ар башка…

Прочитайте больше