Сириянын кыйраган Ракка шаары орусиялык журналисттердин көзү менен

Сириянын кыйраган Ракка шаары орусиялык журналисттердин көзү менен

Орусиялык журналисттер ИШИМ террордук уюму халифаттын борбору деп жарыялаган Сириянын талкаланган Ракка шаарына биринчи жолу барды. Америка баштаган эл аралык коалициянын аскердик операцияларынын натыйжасында Ракка шаарынан учурда урандылардан башка эч нерсе калган жок. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги Орусянын “Звезда” телеканалына шилтеме берип жазды. Орусиялык журналисттер Ракка шаарына орус аскерлери менен бирге кирди. Журналисттердин айтымында, шаардын борбордук аянтынан “Мен Ракка шаарын сүйөм” деген чоң жазууну көрүүгө болот. Бирок бул шаардан эч нерсе калган эмес. Ракка шаары 2013-жылдын…

Прочитайте больше

Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчисин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчисин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаба Рузбеханини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Али Моджтаба Рузбеханинин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердүүлүгүн белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын баса белгиледи жана мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Али Моджтаба Рузбехани жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүндө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезип турганын белгиледи. Эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө…

Прочитайте больше

Захарова: Гутерреш Американын мыйзам бузууларына көңүл бурбай жатат

Захарова: Гутерреш Американын мыйзам бузууларына көңүл бурбай жатат

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова шаршемби күнү БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин Америка тараптан уюмдун Хартиясынын бузулуп жатканына кайдыгер карап жатканын сынга алды. Бул тууралуу “Parstoday” агенттиги маалымдады.“Америка Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө виза берүүнү атайлап кечиктирет. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы бул маселени көз жаздымда калтырып келет”, – деди Мария Захарова. Ал Американын Орусиянын кызмат адамдарына виза берүүдөн баш тартуусу БУУнун Хартиясын айкын бузуу болуп саналарын айтып, Антониу Гутерреш АКШнын мыйзамсыз иш-аракеттерине…

Прочитайте больше

Сауд коалициясы Йемендин Аль-Хадида шаарына ракеталык жана артиллериялык кол салуу жасады

Сауд коалициясы Йемендин Аль-Хадида шаарына ракеталык жана артиллериялык кол салуу жасады

Сауд коалициясы шаршемби күнү кечинде ок атууну токтотуу келишимин бузуу менен Йемендин батышында жайгашкан Аль-Хадида облусунун турак жайларына ракеталык жана артиллериялык кол салышты. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Al Masirah каналы Сауд баскынчылары Аль-Хадида аймагына ондогон ракеларды атышканын жана артиллериялык куралдар менен кол салышканын маалымдаганын билдирди. Кол салууларда курман болгондор же зыян тарткандар боюнча маалыматтар бериле элек.Швецияда 2018-жылы 18-декабрда Сана менен Эр-Рияддын делегацияларынын ортосунда ок атууну токтотуу макулдашуусу жетишилгенине карабастан, Сауд колаициясы күнүгө бул келишимди бузуп келет….

Прочитайте больше