Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулап түштү

Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулап түштү

Алматыда  жүргүнчү учак  кырсыкка учурады. IRIB/IR агенттигинин маалыматына ылайык, кырсыкка учураган учак 95 жүргүнчүнү ташып бара жаткан.Берилген маалыматтарга караганда, BEK AIR компаниясынын № 2100 учагы  27-декабрда жергиликтүү саат 7:30да Алматыдан Нур-Султанга карай учуп баруу максатында асманга көтөрүлгөн. Учак бир канча мүнөттөн кийин, 2 кабаттуу имаратка урулуп, кулап түшкөн.  Учак күйүп кеткен эмес жана учурда курман болгондордун саны аныкталууда.

Прочитайте больше

Түркия: Хашоггинин өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек

Түркия: Хашоггинин өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек

Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл Стамбулда кабарчылардын алдында саудиялык журналист Жамал Хашоггинин иши боюча Сауд Аравия сотунун өкүмүнө ишара кылып, бул окуя боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек деп билдирди. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. “Ачык-айкын иликтөөсүз бул маселени жабык деп эсептөөгө болбойт”, – деди министр. Абдулхамит Гүл бул боюнча мындай деди: “Хашоггинин өлүмүн иликтөө процесси ачык-айкын болгон жок. Бул процесс кабыл алынгыс. Биз башында эле журналисттин иши боюнча ачык-айкын эл аралык иликтөө…

Прочитайте больше

БУУ: Ооганстанда 10 жылдын ичинде 100миңден ашык жаран курман болуп, жаракат алышты

БУУ: Ооганстанда 10 жылдын ичинде 100миңден ашык жаран курман болуп, жаракат алышты

БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча атайын миссиясы (UNAMA) он жылдын ичинде өлкөдө 100 миңден ашык карапайым жарандар каза болуп же жарадар болушканын маалымдады. Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча атайын миссиясы кечээ, бейшемби күнү “Ооганстанда 2019-жылдан бери 100 миңден ашык карапайым жарандар каза таап же жарадар болушту”, – деп билдирди. БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү Тадамити Ямамото бул билдирүүсүндө Ооганстанда карапайым жарандардын арасындагы курмандыктардын көбөйүп жатканына тынчсыздануу менен согушуп жаткан тараптарды талаптарын диалог аркылуу…

Прочитайте больше

Ирак президенти отставкага кетти

Ирак президенти отставкага кетти

ЖМКалар Ирактын президенти Бархам Салих өз каалоосу менен отставкага кеткенин кабарлашты. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ливандын аль-Маядин телеканалы  Бархам Салех отставкага кетээрин кат түрүндө билдирип, Ирак парламентине тапшырганын жарыялады. Белгилей кетсек, бул катта аль-Бина фракциясынан Асъад аль-Айданини жаңы кабинет түзүү милдетине тааныштыруу баш мыйзамга  туура келбесе да, президенттин отставка кетүүсүн эске алып, парламент өкүлдөрү эл алдындагы өз милдеттерине көңүл буруу менен чечим кабыл алынуу керектиги жазылган.    Эске салсак, азырынча Ирактын саясий топтору өлкөнүн премьер-министрилигине…

Прочитайте больше