Американын Хашдаль-Шаабинин орундарына койгон чабуулунда 25 адам каза таап, 51 адам жаракат алышты

Ирак шииттеринин “Аль-Хашд Аль-Шааби” ыктыярдуу куралдуу күчтөрү жекшемби күнү кечинде топтун 35чи жана 36чы бригадаларынын орундарына коюлган кол салуудан 25 адам каза тапканын жана 51 адам жаракат алганын билдирди.  

 Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.

Жекшемби күнү кечинде Американын учкучсуз учактары Ирактын Сирия менен чек арасында жайгашкан “Аль-Хашд Аль-Шааби” тобунун орундарын бутага алышкан.

Ирактын расмий өкүлдөрү АКШнын кол салуусун айыптап, аны өлкөнүн эгемендигин бузуу деп эсептешерин билдиришүүдө.

Буга чейин сионист режими дагы “Хашд аль-Шааби” тобунун Ирактын ар кайсыл аймактарында жайгашкан орундарын бутага алышкан эле.

Америка менен сионист режими Ирактын “Элдик мобилизация күчтөрүнүн” аймактагы террористтерге каршы ийгиликтерге жетүүсүнөн кийин, “Хашд аль-Шааби” тобуна кысым көрсөтүүнү күчөтүштү.

Ирактын “Элдик мобилизация күчтөрү” Американын жана сионист режиминин аймактагы иш-аракеттерине каршы турууда негизги ролду ойнойт.

Хашд аль-Шааби тобу 2014-жылы ИШИМ террористтери Ирактын айрым аймактарын басып алгандан кийин түзүлгөн жана 2016-жылы өлкөнүн парламентинин макулдугу менен Ирактын куралдуу күчтөрүнүн башкаруусуна өткөн.

Комментарий жиберүү