БУУ Мьянмадагы мусулмандардын укуктарын бузу укөрүнүшүн айыптады

БУУ 28-декабрда атайын токтом бекитүү менен Мьянмадагы рохинжалык мусулмандардын укуктарын бузууларын катуу айыптады.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун бекиткен токтомунда Мьянма өкмөтүнөн өлкөдөгү мусулмандарга каршы аракеттерге атайын чаралар көрүлүүсү талап кылынган.

Бул уюм ошондой эле токтомдо рохинжалык мусулмандар диаспорлоруна карата өз алдынча камакка алуулар, кыйноолор жана зордук-зомбулук көрсөтүү менен аларга каршы чагымчылык жаратуулар тез арада токтотулуусун баса белгиленген.

Белгилей кетсек, бул токтом 134 макул, 9 каршы жана 28 калыс добуштары менен кабыл алынган.

 Эске салсак, 2017-жылдын 25-августунан бери Мьянманын Рохинжа мусулман тургундарына каршы зордук-зомбулук көрсөтүү катуу күчөгөн.

 Мьянма өкмөтүнүн аскерлери менен радикалдуу буддистердин кордуктарынан 6 миң мусулман өлтүрүлүп, 8 миңине оор жаракат келтирилген.
 

Ал эми 1 млн. рохинжалык тургундар Бангладешке качып кетишкен.

БУУ акыркы билдирүүсүндө Мьянма аскерлери өлкөдөгү рохинжалык мусулмандардын укуктарын бузуу менен “этникалык тазалоо”ишин жасап жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү