Йемен: Жер которгондордун саны 3 миллион 800 миңге жетти

Йемендин гуманитардык маселелерди башкаруу жана координациялоо боюнча жогорку кеңешинин маалымат борбору 2019-жылдын ноябрына чейин жер которгон йемендиктердин саны өсүп, 3 миллион 800 миңден ашканын маалымдады.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги Йемендин “Аlmasirah” агенттигине таянуу менен жазды. Аталган борбордун маалыматына караганда, Йеменде канча жылдан бери токтобогон согуштун кесепетинен улам жер которуп үйлөрүн таштап кеткен жүз миңдеген адамдар бул өлкөнүн ар кайсы аймактарында катастрофалык жана оор шарттарда жашашат.

Йемендин гуманитардык маселелерди башкаруу жана координациялоо боюнча жогорку кеңешинин маалымат борбору ошондой эле өлкөдөгү эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүн сынга алып, бул уюмдар жер которгон адамдарга жардам жана башпаанек бере албагандыгын билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын ноябрына чейин бул өлкөнүн 15 провинциясында жер которгон йемендик үй-бүлөлөрдүн саны 554 миң 784кө, ал эми жер которгон адамдардын саны 3 миллион 883 миң 488ге жеткен.

Сауд Аравия баштаган эл аралык коалиция 2015-жылдын март айынын баштап Йемендин отставкага кеткен президенти Абду Раббу Мансур Хадинин  бийлигин калыбына келтирүү максатында бул өлкөгө каршы согуш баштаган. Бул согушта бир гана миңдеген жай тургундардын каны төгүлбөстөн, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо системасы талкаланып, ар кандай жугуштуу оорулар жайылып, саламаттык сактоо жагдайы начарлап кетти.

Комментарий жиберүү