Адам алейхиссалам

Адам алейхиссалам

Жер бетинде жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бүткүл адамзаттын атасы. Адам алейхиссалам жаратылуудан мурда бүткүл ааламдар жана ал ааламдардагы нерселер Алеми мелекут делген бүткүл рухтар, Алеми мүлк делген материалдык ааламында да Арш азам, курси, Жаннат, Жаханнам, жети кабат асман жана башка барлыктар, периштелер жана жиндер жаратылган эле. Аллаху таала периштелерине асманды, жиндерге болсо жер жүзүн мекен кылды. Жиндер жер бетинде көп убакыттар жашашты (бир риваят боюнча алтымыш миң жыл). Кийин араларында көралбастык жана азгындоо…

Прочитайте больше

Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи оруналды

Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи оруналды

«Wanderlust Travel Magazine» журналынын окурмандары берген добушка ылайык, Кыргызстан «Туристтик каттамдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөр» наамында алтын сыйлыкты утуп, биринчи орунга ээ болду. 30-январда сыйлыкты тапшыруу аземине Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты. Элчи журналдын окурмандарына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан туристтик багытын аныктоодо өлкөнүн жаратылышын жана маданиятын баалай алган туристтерге маани берерин айтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Британиядагы элчилиги «Азаттыкка» маалымдады. Сыйлык тапшыруу салтанаты Лондондо «Дестинация: эс алуу жана саякат» деп аталган эл аралык ири туристтик жармаңкенин…

Прочитайте больше

Эрдоган: Иерусалим сатылбайт

Эрдоган: Иерусалим сатылбайт

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Америка президенти “Дональд Трамп” тарабынан долбоорлонгон “Кылым келишими” боюнча жооп кайтарды. Бул тууралуу “Anadolu” агенттиги маалымдаганын “IRNA News” агенттиги кабарлады.Эрдоган “Кылым келишими” аттуу долбоорду басып алуу планы деп атады. Түркиянын президенти буга чейин “Кылым келишими” “такыр кабыл алынгыс” деп билдирген эле.“Иерусалим мусулмандардын ыйык жерлеринин бир бөлүгү жана Иерусалимдин ыйгарым укуктарын Израилге берүү таптакыр кабыл алынгыс”, – деди Эрдоган. АКШ президенти Дональд Трамп 28-январда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге өткөргөн басма сөз…

Прочитайте больше

Путинди өлтүрүүгө чакырган жазуу менен шектелип эки кыргызстандык кармалды

Путинди өлтүрүүгө чакырган жазуу менен шектелип эки кыргызстандык кармалды

Санкт-Петербург шаарынын Октябрь райондук соту имараттарга Орусия президенти Владимир Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелген кишини эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Орусиялык масс-медиада жарыяланды. Маалыматка караганда, 22 жаштагы жигитке «Вандализм» жана «Террордук ишмердүулүккө ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөө коюлуда. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Интернет аркылуу П., аттуу жаран менен 5 миң рублге келишим түзүп, ага Орусия президентинин сүрөтүн тартып, алдына «Көрсөң өлтүр» деп жазылган трафарет даярдап берүүнү, андан соң бул…

Прочитайте больше

CNN: Ирандын ракеталык соккусунда жабыркаган америкалык аскерлердин саны көбөйүп жатат

CNN: Ирандын ракеталык соккусунда жабыркаган америкалык аскерлердин саны көбөйүп жатат

Американын расмий адамдары CNN телеканалына берген маектеринде Ирандын АКШнын Ирактагы базаларына жасаган ракеталык чабуулунда мээсинен жабыркаган  америкалык аскерлердин саны 64кө жеткенин билдиришти. Бул туурасында “Fars News” агенттиги кабарлады. Буга чейин АКШ армиясынын штаб башчысы Марк Милли Ирандын АКШнын Ирактагы “Айн-аль-Асад” аскердик базасына жасаган ракеталык соккусунда жаракат алган америкалык аскерлердин саны өсүп жатканын билдирген. Ал Иран “Айн аль-Асад” базасына ок-дарыларынын салмагы 1000-2000 фунт болгон ракеталарды кое бергенин белгилеген.  CNN телеканалына Пентагондогу расмий адамдарга шилтеме берип, жабыркагандардын саны дагы…

Прочитайте больше

Саудиянын «Aramco» мунай объекттерине жаңы ракеталык чабуул жасалды

Саудиянын «Aramco» мунай объекттерине жаңы ракеталык чабуул жасалды

Сауд Аравия бийлиги «Saudi Aramco» мунай компаниясынын объекттерине кайрадан ракеталык чабуул жасалгандыгын маалымдады. Бул туурасында «ISNA» агенттиги «The Wall Street Journal» басылмасына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, Сауд Аравиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн кечээ, 29-январдагы билдирүүсүндө, өткөн аптада Сауд Аравиянын абадан коргонуу системалары «Saudi Aramco» мунай компаниясынын объекттерине багытталган ракеталарды кармап, жок кылгандыгы айтылды. Буга чейин Йемендин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы Яхья Сари ракеталык чабуулга жоопкерчиликти алып, “Агрессорлордун абадан жасаган чабуулдарын күчөтүшүнө жооп кайтарып, ракеталык жана аскер-аба…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакируулу: “АКШдан Кыргызстанга беш машина доллар келген”

Турсунбай Бакируулу: “АКШдан Кыргызстанга беш машина доллар келген”

Турсунбай Бакир уулу  Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана алгачкы Акыйкатчысы, кыргыз коомчулугунда белгилүү саясатчы, 1990-1991-жылдардагы Баткен окуяларында Афганистандан кол салган жоочуларга туткунга түшкөн кыргыз армиясынын жоокерлерин бошотууда дипломатиялык милдетти ийгиликтүү аткарган жана башка коомдук ишмердүүлүктөрү менен да таанымал. Ал мындан бир нече жыл мурда Израилдин Палестина элине карата геноцид мамилесине каршылык иретинде сионисттердин желегин айрып, журналисттерге интервью бергендиги да белгилүү. Ошондой эле Американын ар кандай үстөмдүк жүргүзгөн саясатын да айыптап келет. Бүгүн жергиликтүү телеканалдардын бирине Америкадан…

Прочитайте больше

Израидин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул жасашты

Израидин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул жасашты

Шаршемби күнү Израилдин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул коюшту. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Израилдин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул коюп, анда намаз окуп жатышкан палестиналыктарды күч менен кууп чыгышкан. Израилдин аскерлери чабуулда каршылык көрсөткөн палестиналыктарды камакка алышты. Ошондой эле, мечиттегилерди чыгаргандан кийин, Аль-Аксанын бардык эшиктерин жана эски бөлүгүнүн дарбазаларын жаап коюшкан. Сионист аскерлеринин бул аракети Америка президентинин “Кылым келишими” деп аталган долбоору жарыялангандан бир күн өткөн соң жасалды. 28-январда АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен…

Прочитайте больше

Коронавирус кайсы өлкөлөргө жетти?

Коронавирус кайсы өлкөлөргө жетти?

АКШдагы Жонс Хопкинс университетине байланыштуу интер-порталдын маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан адамдардын саны 6000ден ашып, вирус дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнө тарады. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги кабарлады. “Gisanddata” интернет-порталы коронавирус дүйнөнүн  кайсы өлкөлөрүнө жеткендиги жана аны канча адам жуктуруп алгандыгы боюнча статистиканы жарыялады. Аталган интернет-порталда жарыяланган статистикага ылайык, 29-январга карата дүйнө жүзүндө 6165 киши вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталса, алардын ичинен 6070 киши Кытайда катталган. Билдирүүгө караганда, Таиландда 14 киши, Гонконгдо 10, Тайванда 8, Японияда…

Прочитайте больше

Эне акысы

Эне акысы

Күндөрдүн биринде Пайзамбарыбыз алейхиссалам сахабалары менен бирге сүйлөшүп отурган эле. Ошол кезде бир аял сахаба шашып кирип келет: “Йа, Расулаллах! Күйөөм өлүм төшөгүндө жатат, балким убагы аз калган чыгар. Калима-и шахадатты айта албай жатат. Күйөөмдүн ыймансыз кетип калуусунан коркуп жатамын. Ошондуктан, сизден жардам сурап келдим”, – дейт. Пайгамбарыбыз: “Күйөөңдүн дени сак кезинде кандай жаман иштери бар эле?” – деп сурайт. Аялы анын эч кандай жаман амалы жок экенин, намазын окуп, ибадаттарды кемчиликсиз орундаганын айтат. Ошондо…

Прочитайте больше

Асад режими Орусиянын колдоосу менен Маарат-ан-Нуманды каратып алды

Асад режими Орусиянын колдоосу менен Маарат-ан-Нуманды каратып алды

Орусия Асад күчтөрүнө абадан колдоо көрсөтүп жатат. Сирияда Орусиянын колдоосун алган Башар Асад күчтөрү, Астана келишимдери менен Сочи макулдашуусуна карабастан Идлибдин эң чоң району Маарат-ан-Нумандын толугун каратып алды. Асад армиясы жана Иран колдогон чет элдик террористтерден турган режим күчтөрү, Идлибдин түштүгү жана түштүк-чыгышында кургактыктан илгерилеп баратат. Куралдуу топтор менен режим күчтөрүнүн ортосунда көптөн бери уланып жаткан кагылышуулардан кийин Маарат-ан-Нумандын борбору, Асад күчтөрү тарабынан колго алынды. Режим күчтөрү Орусиянын абадан колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде Идлибдин түштүк-чыгышындагы 15 жерди…

Прочитайте больше

Палестина президенти: Иерусалим сатылбайт

Палестина президенти: Иерусалим сатылбайт

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Иерусалим сатылбайт, АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган «кылым келишими» эч качан ишке ашпай турган заговор деп атады. Бул тууралуу «ISNA» агенттиги «RT Arabic» телеканалына шилтеме берип кабарлады. Махмуд Аббас «кылым келишими» боюнча жасаган билдирүүсүндө, биз бул келишимге каршы тез арада бардык чараларды кабыл алабыз деди. «”Кылым келишими”» эч качан ишке ашпайт, ал тарыхтын таштанды кутусуна ыргытылат», – деп билдирди ал. «Биздин стратегия – Израилдин баскынчылыгын токтотуу үчүн күрөштү улантуу жана борбор шаары Иерусалим…

Прочитайте больше

Пентагон: “Айн-аль-Асад”базасына жасалган чабуулда 50 аскер жаракат алган

Пентагон: “Айн-аль-Асад”базасына жасалган чабуулда 50 аскер жаракат алган

Пентагон Ирандын АКШнын Ирактагы “Айн-аль-Асад” аскердик базасына жасалган ракеталык чабуулунда америкалык 50 аскер мээсинен жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “CNN” телеканалына шилтеме берип кабарлады. Өткөн аптада Пентагондогу расмий адамдар Ирандын ракеталык чабуулунда 34 гана аскер жаракат алганын билдирген эле. Пентагондун расмий өкүлү Томас Кэмпбелл өз билдирүүсүндө бүгүнкү күнгө чейин АКШнын куралдуу күчтөрүнүн 50 аскеринин баш мээси жабыркаганын тастыктайбыз деп билдирди. Анын айтымында, 50 адамдын ичинен 31и медициналык жардамды Ирактан алып, кайрадан өз миссияларына кайткан. Ошондой…

Прочитайте больше

Трамп расмий түрдө америкалык-сионисттик “кылымдык келишим” долбоорун көрсөттү

Трамп расмий түрдө америкалык-сионисттик “кылымдык келишим” долбоорун көрсөттү

Американын президенти Израилдин премьер-министринин катышуусунда “кылымдык келишим” долбоорунун бет ачаарын өткөрдү. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Дональд Трамп 28-январда Беньямин Нетаньяхунун катышуусунда америкалык-сионисттик “кылымдык келишим” долбоорунун бет ачаарын өткөрдү. Белгилей кетсек, Америка президенти алгач сөз сүйлөп, бул долбоор эң ири кадам экенин жана Израиль тынчтык орнотулуусун гана көздөй турганын тактады. “Линдон Жонсон президент болгондон тартып  бүгүнкү күнгө чейин Израиль менен Палестинанын тынчтыгына бардык аракеттер жасалып келген, бирок жемиштүү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө даярдалган “кылымдык келишим” аталган…

Прочитайте больше

Американын Ооганстанды бомбалоосу рекорддук чекке жетти

Американын Ооганстанды бомбалоосу рекорддук чекке жетти

Берилген статистикага караштуу, 2019-жылы Америка аскерлеринин Ооганстанга жасаган абадан чабуулу рекорддук санга жеткен. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын аскер күчтөрү Ооганстанга акыркы 14 жылдагыга салыштырмалуу 2019-жылы эң көп ракеталык чабуул жасаган. БУУнун берген статистикасынын негизинде, акыркы 9 айдын  ичинде эле америкалык күчтөр Ооганстанда 579 миң жайкын тургундун курмандыктарына себеп болгон. Ал эми өткөн айдагы Герат шаарына жасалган америкалык учкучсуз учактардын кол салууларынан 15 жайкын тургун набыт кеткен. Ошондой эле өткөн жылдын май айында Ооганстандын батышына…

Прочитайте больше
1 2 3 7