АКШнын Багдадды бомбалоосунан ирандык генерал Касем Сулеймани каза болду

АКШнын Багдадды бомбалоосунан ирандык генерал Касем Сулеймани каза болду

Ирандын Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун (ИИРСК – КСИР) атайын даярдыктагы “Кудс” аскердик түзүмүнүн жетекчиси, генерал Касем Сулеймани Багдаддын аэропортун ракеталык бомбалоо учурунда каза болду. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги билдирди. Мындан мурда Ирактын «аль-Хашд аш-Шааби» шииттик кыймылы Багдаддын аэропортун ракеталык аткылоодон өздөрүнүн эки мүчөсү жана «эки конок» каза болгондугун жарыя кылгандыгын маалымат агенттиги кабарлаган болчу. Кийинчерээк  Пентагон бул аскердик операция америкалык лидер Дональд Трамптын буйругу менен жасалгандыгын тастыктады. Ирандын өзгөчө даярдыктагы “Кудс” аскердик бөлүгүнүн жетекчиси 2-январда Багдаддын…

Прочитайте больше

БИРИНЧИ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ИСАНОВДУН ӨЛҮМҮ

БИРИНЧИ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ИСАНОВДУН ӨЛҮМҮ

1991-жылдын 29-ноябры эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхында эч унутулгус кара так катары калды. Ал күнү автокатастрофадан Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри Насирдин Исанов капилет каза болду. Ал бар болгону 48 жашта болчу!.. Вице-президенттик кызматта болгону бир ай иштеген соң, Исанов премьер-министр болуп шайланган. Өкмөт башында ал бар болгону он айча гана иштеп турду. Эл арасында ушундай чоң кадыр-баркка жеткен, өзгөчө популярдуу болгон башка премьер-министрди айтуу кыйын. Балким, эсил кайран Султан Ибраимов менен гана салыштырууга болор, бирок, ал…

Прочитайте больше

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаны жыл менен куттуктоосунда билдирди. «Бул багыттагы иштер 2020-жылы  да уланат. Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз. Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл….

Прочитайте больше