БИРИНЧИ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ИСАНОВДУН ӨЛҮМҮ

1991-жылдын 29-ноябры эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхында эч унутулгус кара так катары калды. Ал күнү автокатастрофадан Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри Насирдин Исанов капилет каза болду. Ал бар болгону 48 жашта болчу!..

Вице-президенттик кызматта болгону бир ай иштеген соң, Исанов премьер-министр болуп шайланган. Өкмөт башында ал бар болгону он айча гана иштеп турду. Эл арасында ушундай чоң кадыр-баркка жеткен, өзгөчө популярдуу болгон башка премьер-министрди айтуу кыйын. Балким, эсил кайран Султан Ибраимов менен гана салыштырууга болор, бирок, ал — Советтик мезгил болчу да!..

Өз туруш-турпаты менен өз доорун толук чагылдырган инсандар болот. Алар өз мезгилинин бардык белгилерин кошо ала жүрүшөт. Насирдин Исанов дал ошондой инсан болчу. Узак убакыт бою орто звенодогу советтик жана партиялык системада чын дилинен берилүү менен иштеп келип, эгемендик орногон жылдары гана бийликтин эң жогорку эшелонуна суурулуп чыккан. Анан дароо эле эл арасындагы эң чоң урмат-сыйга арзыган жетекчилердин бирине айланды. Балким, эл андан өзүнүн Султан Ибраимов менен байланышкан, а бирок жетпей калган идеалын көрүүгө умтулгандыр?.. Кандай болгон күндө да, трагедиялуу өлүм аларды бир катарга коюп койду!

Медетхан Шеримкулов үчүн бул жоготуу анын жеке жоготуусуна айланды. Алар көп жылдардан берки жакын достордон болчу. Эски досторду балдары — Алмаз менен Мария — мындан бир жылча мурда үйлөнүшүп, ого бетер жакын кылып салышкан! Алар борбордогу 27-мектепте чогуу окушкандыктан, бала кезден бирин-бири жакшы билишчү. Ошондуктан, жаштар өз чечими тууралуу айтышканда, буга баары тең абдан кубанышкан. Ата-энелери — эски достор, дароо жолугушуп, үйлөнүү тоюнун маселелерин талкуулашкан. Албетте, эч кандай калың жана башка эскиче салт-санаалар тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес болчу. Алар бир гана нерсени — эки жаштын бактылуу болушун гана ойлошту!.. Тез эле жакын туугандар жана достор гана катышкан жупуну тойду өткөрүштү.

Мына, эми аларды алдыда жалаң жакшылыктар, неберелердин төрөлүшү сыяктуу жалпы кубанычтар күтүп тургандай сезилген маалда, ушундай трагедия болду. Бул трагедия жалпы улуттук масштабдагы трагедияга айланды. Арийне, ошол кездеги кайгылуу мүнөттөрдө да, өздөрүн, жумшартып айтканда, өтө эле таң каларлык жактан көрсөткөн адамдар да болушту. Жада калса, өлкөнүн эң жогорку жетекчилигинде деле!..

Ал күнү Медетхан Шеримкулов кыргыз Ак Үйүнүн 7-кабатындагы сүйрү залда Иран Исламдык Республикасынын тышкы иштер министри Али Акбар Велаяти менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери тарабынан кызматташтык жөнүндө Меморандум даярдалган болчу. Баса, Иран Кыргыз Республикасынын эгемендигин тааныган эң алгачкы мамлекеттердин бири болгон. Медетхан Шеримкулов ал документке кол коюшу керек болчу. Дал ушул учурда залга купкуу болгон президенттик администрация жетекчиси Эднан Карабаев кирип келди. Төраганы Президент өз кабинетинде күтүп жатканын айтты, ага Шеримкулов бул иш-чара бүткөндөн кийин кирерин билдирди. Бирок, беш мүнөт өтпөй эле, Карабаев кайра келип, өтүнүчүн кайталады.

Медетхан Шеримкулов кабинетке кирип, президент Аскар Акаевдин абдан толкунданган, эмне кылууну билбей турган абалда экенин көрдү. Ал дароо: “Медетхан Шеримкулович, кайрат кылыңыз, Насирдин Исанович курман болду!” — деди. Бул жаман кабар чак түштөгү чагылгандай мээни көзөдү. Шеримкулов, кармана албай, ыйлап жиберди. Терезеге жакын басып барып, жүз аарчысын алып, көзүнөн аккан жашын сүртө баштады. Жанында турган бир нече киши Медетхан Шеримкуловду соорото башташты, алар баары тең бул трагедияны оор кабыл алышканын айтышты. Президент Аскар Акаев паузадан пайдаланып, ички байланыш аркылуу бирөөгө телефон чалып, аны абдан катуу сооротуп: “Эч кам санабаңыз, сиз үчүн самолёт учуп барат, сизди Андижандан алып кетет!..” — деп жооткото баштады. (Кийин анын телефондогу маектеши эл аралык алдамчы жана алтын чатагына аралашкан чуулгандуу бизнесмен Борис Бирштейн экени маалым болот!) Премьер-министри трагедиялуу өлүмгө кабылганын укса да, президент дароо эле, аны менен чогуу иш сапарда болгон адамдын тагдырына катуу жаны кейип, ал үчүн абдан айкөлдүк менен камкордук көрүп баштаган…

Медетхан Шеримкулов маркумду акыркы сапарга татыктуу узатуу үчүн бардык уюштуруу иштерин жетектеди. Ал күнү Ошко учуп барды. Жалал-Абад аэропорту аба-ырайына байланыштуу жабык экен. Ал Жалал-Абадга келгенде да шаар аза күткөндөй бүт бойдон туманга чөмүлүп турганын көрдү, сыягы, жалпы элдик трагедияга табигат да кайдыгер болбосо керек… Шаардан чыгып баратып, Кочкор-Атага жете бербей, Сузак районунун чек арасында спикерди жана аны коштогон адамдарды эки губернатор — Ош областынын губернатору Батыралы Сыдыков жана Жалал-Абад областынын губернатору Бекмамат Осмоновдор — тосуп алышты…

Медетхан Шеримкулов автокатастрофадан өлгөн Насирдин Исановдун денесин алып, Ош шаарынын аэропортуна барды. Табыт жүктөлгөн самолёт ошол эле түнү Бишкекке учуп жөнөдү. “Манас” аэропортунда самолётту президент Аскар Акаев, вице-премьер министр Турсунбек Чынгышев, ички иштер министри Феликс Куловдор тосуп алышты. Исановдун табыты траурдук эскорттун коштоосунда өзү жашаган үйүнө келип токтоду.

Токтогул жана Дзержинский бульварынын (азыркы Эркиндик) кесилишинде боз үй тигилди. 30-ноябрда саат 11 чамасында, боз үйдүн жанында турган Медетхан Шеримкуловго Ак Үйдөн телефон чалышып, “президент Аскар Акаев бир киши менен барып, Исановдун жесирине көңүл айтканы жатышат, азыр барса ыңгайлуу болобу?” — деп сурашты. “Мейли, келе беришсин”- деди Шеримкулов. Дагы бир аз убакыттан кийин Акаев боз үй жанына Бирштейн менен чогуу келди. Алар он минутага жакын болушту. Премьер-министрдин жесирине кайрат айткан сөздөрдү айтып кетишти.

Бирок, бул үйгө карай созулган эл агымы эч токтогон жок. Жада калса, кечке жуук да келгенди уланта беришти. Элдик кайгы жана эгемендик доорундагы биринчи премьер-министр менен коштошуп калуу каалоосу ушунчалык бийик болду. Башын жерге салган, кайгыга баткан адамдар маркумга эң соңку ирет урмат көрсөтүп, таазим этүү үчүн агылышты…

Ошол сааттарда Медетхан Шеримкуловдун көз алдынан Исановдун элесине байланышкан бардык көргөн-билгендери тартылып жатты. Мындан үч күн мурда, 27-ноябрда, алар “Манас” аэропортунан кокусунан жолугуп калышкан. Медетхан Шеримкулов Москвага М. С. Горбачев өткөргөн СССР Госсоветинин жыйынына учкан. Аэропорттон ал адегенде күтүүсүздөн эле өзүнүн мурдагы студенти Александр Машкевичти жолуктурган. Алар эки ооз сөз алмашкан. Машкевич азыр Брюсселде жашап жатканын айтып, аны конокко чакырууга да үлгүргөн: бизге келип кетиңиз деп!..

Андан ары дагы бир аз баскан соң, Медетхан Шеримкулов күтүүсүздөн премьер-министр Насирдин Исанов менен бет маңдай чыкты. “Сен кантип келип калдың?” — деп сурады андан. “Мен сени узатканы келдим!” — деп олуттуу жооп берди Исанов. Алар мурдатан эле ушинтип бирин-бири тамашалай беришчү. “Узатканы келсең, анда жүр, бир чыныдан чай ичелик”,-деди. Алар вип-залга киришип, бир чыныдан чай ичип, сүйлөшүп олтурушту. Төраганын самолётунун учушу эки саатка кармалып калды. Исанов тамашалай, эч нерсе эмес, тынчсызданба, Горбачевго салам айт, мени кармап калды деп койгун деди! Бул тамашада чын эле чындыктын үлүшү бар болчу. Андан бир аз мурдараак эле Кыргызстанга келип кеткен Михаил Горбачев Илимдер Академиясындагы жолугушууда: “Мен силердин премьер-министриңер Исанов менен жакшы таанышмын!” — деген.

Сыртынан жупуну, жөнөкөй көрүнгөн Насирдин Исановдун ыр жазганы анын көзү өткөндөн кийин гана билинди. Ал өзүнүн сезимтал натурасы боюнча чыгармачыл адамдарга жакын болчу. Россия президенти Борис Ельциндин расмий визити учурунда эки республиканын премьер-министрлери дуэт менен “Подмосковные вечераны” ырдашкан — Иван Силаев — Россия тараптан баянда ойносо, Насирдин Исанов комузда кол ойнотуп, дароо жылуу адамгерчилик атмосфера жаралган!..

…Коштошор алдында гана Исанов Медетхан Шеримкуловго ал аэропортко президент Аскар Акаевдин атайын тапшырмасы менен, бир өтө маанилүү адамды тосуп алууга келгенин айткан!.. Кыскасы, Насирдин Исанов өз өлүмүнө себепкер болгон адамды өзү тосуп алган. Жада калса, дал ошол каргашалуу кырсык болгон күнү да, сыркоолоп жатканына карабастан, Насирдин Исанов Президенттин өтүнүчү боюнча Бирштейнди коштоп, республиканын түштүгүнө кеткен. Кийин ал өзүнүн трагедиялуу өлүмүнө карай кандай ашыкканы ар бир мүнөтүнө чейин такталат…

Ошол каргашалуу күнү Жалал-Абад аэропортунда учууга уруксат берилбейт. Насирдин Исанов Ошко барып, самолёт менен учуунун ордуна, айдоочусуна Бишкекти карай айдоого буйрук берет. Балким, жолдо дагы бир жерге токтоп, дагы башка бир нерселерди көргүсү келсе керек. Ал энергияга жана идеяларга толо болчу… Бирок, трагедиялуу өлүм анын өмүрүн эми гана көккө сызуу алдында турган чакта кыйып кетти. Кочкор-Ата поселогунда жүк тартуучу машинанын соккусу жеңил автомашинанын сол жаккы эшигине туш келиптир. Айдоочунун артында Насирдин Исанов олтурган. Анын бир нече кабыргасы сынып кеткен. Ал автокатастрофа болгон жерден эле жан берген. Баарынан да таң калтырганы, “Волгада” Исанов менен чогуу бараткан үч адамдын эч кимиси жабыр тарткан эмес. Айдоочу, Бирштейн, анын жансакчысы бир жери да чийилген эмес. Бул трагедия бир чекитти атайылап мелжеп туруп, жасаган сокку сымал болгон.

Медетхан Шеримкуловдун Насирдин Исановду акыркы сапарга узатуудагы коштошуу сөзү бул сыяктуу сөздөрдүн ичиндеги уникалдуу үлгүлөргө кирери шексиз. Анда мамлекеттик ишмердин адамгерчилиги ал өзү ээлеп турган бийик кызматтын масштабдары менен дал келип, сейрек деңгээлдеги мазмунга чейин көтөрүлгөн. Жакын досун, кудасын акыреттик сапарга узатып жатып, ал бул жашоодогу адам өмүрүнүн маңызы жөнүндөгү өзүнүн философиялык ойлорун бөлүшкөн. Дегеле, бул жашоого болгон өзүнүн жеке көз карашын да айкындаган.

…«Алтын маселеси» Жогорку Кеңештин 1994-жылдын октябрындагы сессиясында кароого пландалган болчу. Комиссия мүчөлөрү тири укмуштай мыйзам бузуулар фактыларын ачышкан. Албетте, президент элдин кыжырдануусунан жана да окуялардын алдын ала болжоп болбой тургандай болуп өнүгүшүнөн коркуп кеткендиги түшүнүктүү!..

Жаңы Конституция ушундай иезуитчил саткынчылыкка туш болгондон кийин, Жогорку Кеңеш менен президенттин ортосундагы карама-каршылык артка кайткыс мүнөзгө өттү. Президент Аскар Акаев парламент сессиясында Кыргызстанга таандык, наркы 23 миллион долларга жакын 2 тонна алтын Швейцарияга ташылып кеткенин моюнга алган. Алтынды алып кетүү эч ачык талкууланган эмес. Бул сырды Акаевдин жакын кишилери гана билишкен. Парламент алтындын Швейцария жараны Борис Бирштейндин (Исанов автокатастрофадан каза болгондо, президент Акаев жан-алы калбай камкордук көрүп жаткан адамдын!) жеке менчик самолёту менен ташылып кеткенин аныктаган!

Тагдырдын тамашасыбы, Шеримкулов өзү, окумуштуу, ал кезде чоң саясаттан абдан алыс болгон Акаевдин чоң саясатка келишине себепкер болгон. Горбачевдук кайра куруу учурунда, Медетхан Шеримкулов Билим берүү министрлигинде өткөн жыйындардын биринде Политехникалык институттун кафедра башчысы Аскар Акаевге көңүлү түшүп калган. Ал жогорку окуу жайларына компьютердик техниканы киргизүү маселеси боюнча абдан жакшы сүйлөп, бул темадагы терең билимин көрсөткөн. Көп өтпөй, Борбордук Комитеттин биринчи секретары Абсамат Масалиев идеология боюнча секретарь Шеримкуловго: “Сиз илимий чөйрөнү жакшы билесиз. Борбордук Комитеттин билим берүү жана илим бөлүмүнө башчы кыла турган адамды табыңыз”, — деп тапшырма берген. Шеримкулов Акаевди сунуш кылган. Масалиев макул болуп, эскерткен: “Макул, бирок мен аны тааныбаймын. Ошондуктан, бул сиздин жеке жоопкерчилигиңизде болсун…”

Мамасалы АПЫШЕВ.

“Жаңы Ордо” гезити, №37 (651),  20-декабрь, 2019-жыл.

Комментарий жиберүү