Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси: “Иран АКШнын аскердик объектилерине чабуул жасоого даяр”

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин аскердик кеңешчиси Хоссейн Дехган CNN телеканалына берген маегинде Иран генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнө жооп катары АКШнын аскердик объектилерине чабуул жасоого даяр деп билдирди.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги жазды. “Согушту Америка баштады. Ошондуктан алар өздөрүнүн аракеттерине тийиштүү жооп алууга даяр туруусу керек. Согуштун бул мезгилин аягына чыгара турган жалгыз нерсе – америкалыктар өздөрү жасаган соккуга барабар сокку алышы керек” – деди Дегхан.

“Албетте, жооп аскердик болот жана аскердик объектилерге каршы багытталат”, – деп баса белгиледи ал. Ошондой эле ал Америка бул кылмыштуу окуянын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартат деп билдирди.

3-январда Пентагон Американын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын аскердик бөлүгүнүн башчысы генерал Касем Сулеймани бара жаткан унаалар кербенине Багдад эл аралык аэропортунун жанынан ракеталык чабуул койгон. Анын кесепетинен улам Сулеймани мерт болгон.

Бул чабуулдан соң Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши Сулейманинин өлүмү үчүн Америкадан өч алууну убадалады. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө Американын Багдаддагы бул чабуулунун теракт деп атады.

Комментарий жиберүү