ЮНЕСКО Трамптын Ирандын маданий оюъектилерине каршы коркутуусуна жооп кайтарды

Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму (ЮНЕСКО) дүйшөмбү күнү Америка президентинин Ирандын маданий объектилерине каршы коркутуусуна жооп кайтарып, АКШны дүйнөдөгү маданий жана тарыхый эстеликтерди коргоого бекем болууга жана мындай объектилерге кол салуудан алыс болууга чакырды.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.
ЮНЕСКО билдирүүсүндө, Дональд Трамптын Ирандын маданий объектилери боюнча коркутуусуна жооп кайтарып, Вашингтон маданий мурастарды коргоо боюнча эл аралык келишимдердин мүчөсү катары маданий-тарыхый объектилерди зыянга учуратуудан алыс болуусу керек деп баса белгиледи.

Американын президенти Дональд Трамп акыркы күндөрү эгер Иран Ислам Республикасы генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүнө жооп кайтара турган болсо, АКШ Ирандын 52 маданий борборлорун бутага алат деп коркутуп билдирүү жасаган эле.

ЮНЕСКО билдирүүсүндө Америка Конгрессинде жана Ирандын парламентинде дагы бекитилген 1954-1972-Конвенцияларга ылайык, ага мүчө өлкөлөр маданий жана табигый мурастарга зыян келе тургандай атайын иштерди жасай албай турганын баса белгиледи.

Трамптын Ирандын маданий борборлоруна чабуул коюшу мүмкүн экендиги тууралуу билдирүүсүнө каршы көптөгөн жооптор айтылды жана ал тургай АКШнын союздаштары дагы сынга алышты. Бирок, ошого карабастан Американын президенти дагы билдирүү жасап, Вашингтон мындай объектилерди бутага алууга укуктуу деди.

Комментарий жиберүү