Трамптын согуштук ыктыярдуулугу Америка Конгрессинде талкууга алынат

Көпчүлүгүн демократтар түзгөн Американын парламент өкүлдөрү 9-январда  президенттин согуштук ыктыярларын азайтуу боюнча добуш беришет.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Батыш Азия аймактарындагы тирешүүлөрдүн күчөшүнөн улам Америка парламенттеринин өкүлдөрү Дональд Трамптын согуштук ыктыярдуулугун азайтуу боюнча долбоорго добуш берүүнү чечишти.

Белгилей кетсек, парламенттин демократ өкүлдөрүнүн лидери Нэнси Пелоси Дональд Трамптын генерал Сулейманинин өлтүрүүгө берген буйругуна “чагымчылык” жана туура эмес чечим” деп баа берген.

Анын айтымында, өкмөт бул кадамга Конгресс менен кеңешпей туруп барган. Анын кесепетинен Иран менен болгон тирешүүлөр күчөп, америкалык дипломатиялык жана аскердик күчтөр кооптуу абалга калышууда.

“Президент Америка элинин коопсуздугун камсыздоодо, Иран менен болгон тирешүүлөрдү азайтууда жана региондо стабилдүүлүк орнотууда эч кандай ырааттуу стратегияга ээ эместигин көрсөттү”,-деди Нэнси Пелоси.

Учурда америкалык демократтар Трамптын согуштук ыктыярдуулугун азайтып, Иран менен боло турган ар кандай согуштан алдың демократтардан уруксат алууга шарт коюну көздөшүүдө.

Комментарий жиберүү