Орусиялык дипломат генерал Сулейманинин Ирак менен Сириядагы христиандарды коргоодогу ролун жогору баалады

Орусиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов сириялык христиандардын  генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасын өткөргөндүгүнө ишара кылып, бул ирандык генералдын Ирак менен Сириядагы христиандарды коргоодогу ролун жогору баалады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Мындан үч күн мурун Сириянын Алеппо шаарында сириялыктар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын бөлүгүнүн жетекчиси генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасын өткөрүшкөн.

Акыркы күндөрү АКШ армиясы ирандык генерал Касем Сулейманини абадан чабуул жасап өлтүргөндөн кийин Сирия жана Ирактагы ар кандай топтор Сулейманинин ИШИМ террордук уюмун жеңүүдөгү маанилүү ролун жогору баалашкан.

Ал топтордун бири болгон христиандар тобу көңүл айтуу максатында Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө болгондон тышкары, Сулейманини эскерүү иш-чараларын өткөрүшкөн.

Комментарий жиберүү